Биз эмне кылабыз
Биз төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- Студенттердин билим алуу тажрыйбасына багытталган иш-чараларды түзүүнү, студенттерди сыни ой жүгүртүүгө, биргелешип иштөөгө ж.б. тартууну камтыган инновациялык окутуу ыкмаларын өнүктүрүү боюнча окууларды;
- Студенттердин жетишкендиктерин, курстарды жана программаларды баалоону стратегиялык пландаштырууну;
- Санарип сабаттуулук боюнча окууларды, анын ичинде өз мультимедиа материалдарыңызды иштеп чыгууну үйрөтүүчү окуу куралдарын;
- Окуу аудиториясында технологияларды колдонуу боюнча окууларды;
- Сабакты видеого тартуу же аудиториялык байкоо жүргүзүү, ошондой эле окутуу боюнча консультацияларды;
- Окутуу портфолиоңузду түзүүгө жана кесиптик байланыш тармагын кеңейтүүгө жардам көрсөтүүнү;
- Педагогикалык жаңычылдыктарыңызга байланыштуу изилдөөлөрдү пландаштырууга, жүргүзүүгө жана жыйынтыктарын жайылтууга көмөктөшүүнү ж.б.