Психология программасы – Кыргыз Республикасында биринчи болуп АКШдагы психология программаларынын жогорку академиялык стандарттарына ылайык иштелип чыккан. Ал колдонмо психологиянын негизги принциптерине таянат жана жергиликтүү муктаждыктар менен шарттарды эске алуу менен жүргүзүлөт. Программаны ийгиликтүү аяктагандан кийин, сиз социалдык жана уюштуруучулук жүрүм-турум тармагында кесиптик жардам көрсөтө аласыз, психикалык ден соолук маселелери боюнча кеңеш берүү кызматын аткара аласыз, жеке жана коомдук жүрүм-турум боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзө аласыз, ошондой эле Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү университеттерде магистратурада окууну уланта аласыз.
Борбордук Азиядагы Америка университетинин Колдонмо психология боюнча искусство магистратурасы психологиянын эң актуалдуу тармактарында кесиптик билим жана көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет. Программа ар түрдүү билим берүү жана кесиптик тажрыйбага ээ студенттер үчүн ачык болуп, психология тармагында академиялык жана кесиптик квалификациясын өнүктүрүүнү же жакшыртууну каалагандарга арналган. Ошондой эле, бул программа студенттерди психология же ага байланыштуу тармактар боюнча докторлук даражаны улантууга даярдоо үчүн мыкты аянтча болуп саналат.