Биздин миссиябыз
Жүрүш-туруш саламаттыгы жана колдонмо изилдөө институту 2016-жылы БААУнун Психология бөлүмү менен кызматташтыкта негизделген. Институт Бишкек коомчулугуна кызмат көрсөтүп, ошондой эле БААУнун ичинде жана сыртында иштеген адистер үчүн изилдөө жана окуу платформасы катары иш алып барат. Жүрүш-туруш саламаттыгы боюнча адистери психологиялык кеңеш берүү жана баалоо кызматтарын, психиатриялык консультацияларды, өзгөчө муктаждыктары бар балдардын ата-энелери үчүн кеңештерди жана тренингдерди, ошондой эле коомдук адистер үчүн окууларды сунушташат. Институт жеке адамдарга жана адистерге кеңеш берүү, баалоо жана окутуу кызматтарын көрсөтүү максатында бир катар коомдук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташат.
Коомчулук үчүн
Институт Бишкек шаарындагы коомчулуктарга далилдерге негизделген баалоо жана кеңеш берүү кызматтарын жеке адамдар, үй-бүлөлөр, топтор жана уюмдар үчүн көрсөтөт. Жергиликтүү саламаттыкты сактоо борборлору, уюмдар жана кайрымдуулук фонддору менен түзүлгөн өнөктөштүктүн негизинде институт ар түрдүү кызматтарды сунуштайт. Аларга психологиялык кеңеш берүү, баалоо жана тестирлөө, кесиптик багыт берүү, когнитивдик баалоо, аутизм спектринин бузулууларын жана окуу кыйынчылыктарын диагностикалоо, үй-бүлөлүк кеңеш берүү жана психофармакологиялык дарылоо кирет.
Кесипкөйлөр үчүн
Институт Бишкек шаарында жана Кыргызстанда психология жана коомдук илимдер жаатында иш алып барган адистер үчүн окутуу жана изилдөө кызматташтыгы аркылуу кызмат көрсөтөт. Институт БААУнун окутуучуларынын туруктуу кесиптик өнүгүүсүнө өз салымын кошот. Бул үзгүлтүксүз практикалык иш-аракеттер аркылуу ишке ашат: психологиялык баалоо, консультация берүү, окутуу жана студенттерге менторлук кылуу. Ошондой эле, институт психологиянын тиешелүү тармактарында окутуучулардын илимий изилдөөлөрүн жүргүзүүгө борбор катары кызмат өтөйт. Институттун кеңири көлөмдөгү баалоо жана консультациялык ишмердүүлүгү БААУнун окутуучуларынын учурдагы изилдөө кызыкчылыктарын камтыйт
Студенттер үчүн
Институт психология тармагында билим алып жаткан жогорку курс студенттеринин жана магистранттардын кеңири окутуу муктаждыктарын канааттандырган платформа болуп кызмат кылат. Ал студенттердин кеңеш берүү, изилдөө жана баалоо боюнча кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган.
Институт кеңеш берүү жана изилдөө багытында магистранттар үчүн стажировка программасын сунуштайт. Бул программа Колдонмо психология боюнча магистр программасынын студенттери жана башка коомдук илимдер бөлүмдөрүнүн студенттери үчүн өзгөчө окуу-тренинг борбору болуп эсептелет.