Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Алмашуу программасы

Алмашуу программасы

Европа таанууну иликтеген студенттер алмашуу боюнча БААУнун ар бир студенти сыяктуу эле BARD АКШ, Канада, Азия жана Европанын программаларына катыша алат. Бирок европа таануучу студенттерге гана багытталган эки алмашуу программасы бар - бул Франциядагы SciencePo Reims жана Германиядагы Тюбинген университети. ES студенттери (Major жана Minor) алмашуу программаларына зарыл болгон француз жана немис тилдерин иликтешет жана аталган программаларга туруктуу катышып келишет. 

Экинчи тилди (испан, немис же француз) билүү деңгээли студенттердин европалык өлкөдө билим алуусуна, байланыштарды түзүүгө, иш-чараларга катышууга жана саякаттоого түрткү болот. Бакалавриат программасын аяктагандан кийин алар европалык университеттерге магистрдик программаларга өтүнмөлөрдү берип, ар кандай европалык жана Эл аралык уюмдарда ийгиликтүү адистерге айланышат.

Тюбинген университети - алдыңкы тажрыйбага ээ 11 немис ЖОЖунун бири. Тюбинген университети тарых, укук, теология жана дин таанууну иликтөө борбору катары өзгөчө белгилүү. Университет бай салттарга ээ болуу менен улуттук жана Эл аралык деңгээлде жогорку академиялык аброю бар. ES студенттери Европа таануу курсуна ылайык келген курстарды өтүп, немис тилинин деңгээлин жогорулата алышат.

Реймстеги SciencePo кампусу 2010-жылы түптөлгөн жана эки башка программаны сунуштайт: бири Түндүк Америка менен Европанын ортосундагы трансатлантикалык мамилелерге багытталса, экинчиси Африкага багытталып, анын Европа менен мамилелерин иликтейт. Жалпы колледжге таандык коомдук илимдер боюнча дисциплиналар аралык программа менен айкалышкан түрдө студенттер саясий, экономикалык жана социалдык маселелерди, Эл аралык мамилелер менен гуманитардык илимдерди иликтөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.  Ошол өлкөдө жашоо жана тилдик курстар француз тилинин днгээлин бир топ жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. 

Көптөгөн европалык университеттер жайкы мектептерди сунушташат. Мындай мүмкүнчүлүк өз билимдерин жакшыртуу, компетенцияларын өнүктүрүү жана мыкты карьера куруу үчүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин кеңейтүүнү каалаган студенттерге берилет. 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028