Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - “Европа таануу” бакалаврдык программасы

“Европа таануу” бакалаврдык программасы

“Европа таануу” программасынын максаты - университеттин бүтүрүүчүлөрүн Эл аралык деңгээлде, өзгөчө Европада ишмердүүлүк жүргүзгөн улуттук жана Эл аралык уюмдардагы карьерага даярдоо. Андай уюмдардын катарына Өкмөттүк эмес уюмдар, кесипкөйлүк жана тармактык ассоциациялар, мамлекеттик мекемелер, административдик органдар кирет. Мындай уюмдарда иштөө үчүн талапкерлер башка тилдер менен маданияттарды алып жүрүүчүлөр менен эффективдүү баарлашуусу жана уюмдук түзүмдөрдү жакшы билүүсү керектелет. Ошондой эле европалык интеграциянын тарыхын, түзүмдөрүн жана келечектеги перспективаларын билүү да кубатталат.

Программанын бүтүрүүчулөрү эки европалык тилде эркин сүйлөшөт, европалык тарых, экономика, укук, адабият жана маданият тармактарында кенен даярдыкка ээ болот. Программанын Европа таануудагы негизги адистикти сунуштаган  Борбордук Азияда жалгыз болгондугуна байланыштуу аны уникалдуу деп айтсак жаңылышпайбыз.  

 

 

Кенен маалыматты “Программалар” бөлүмүнөн табууга болот.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028