Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Билим берүү даражасын алуунун талаптары

Билим берүү даражасын алуунун талаптары

Европа таануудагы негизги адистик

Европа таануудагы негизги адистик (Major) - төмөнкү тармактарда европалык реалдуулуктарды камтыган курстардын 4 жылдык программасы:

  • тарых
  • адабият
  • саясат
  • интеграция 
  • сүрөттөөчү искусство 
  • массалык маалымат каражаттары 
  • европалаштыруу
  • изилдөөлөр жана башка

 

Ар бир студент кошумча чет тилдердин бирин милдеттүү түрдө иликтеши зарыл - француз, немис же испан тилин жана ушул тилдердеги сабактарды. ES студенттери өз теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонуу жана карьера курууга даяр болуу үчүн Эл аралык уюмдарда тажрыйба арттыруудан өтүшөт. Бүтүрүү сынактары бүтүрүүчү квалификациялык жумуштан жана экинчи чет тилинен комплекстик мамлекеттик сынактан турат. ES студенти экинчи тилди иликтөөнүн жыйынтыгынын негизинде Сертификат менен сыйлануусу мүмкүн. ES факультетинин бүтүрүүчүсү билим алуунун жыйынтыгында BARD (АКШ) дипломун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүсүндөгү дипломун алат. 

Негизги адистиктин талаптары жөнүндө кененирээк бул жерден билип алууга болот

 

Европа таануудагы кошумча адистик

Европа таануудагы кошумча адистик (Minor) - бул кошумча адистиктин абдан популярдуу программасы. ES Minor өзүнө 42 насыяны камтып, алар жалпы билим берүү предметтрин аткаргандай эсепке алынышы мүмкүн. 

ES Minor буларга негизделген:

  • европалык саясат 
  • коом
  • маданият
  • тилдер.

 

Кошумча адистиктин талаптары жөнүндө кененирээк бул жерден билип алууга болот

 

Эркин искусстволор жана илимдер  (LAS) негизги адистигинин алкагындагы ES концентрациясы 

Европа таанууда Эркин искусстволор концентрациясы, мындан тышкары экинчи чет тили, саясат, коом жана маданият боюнча талаптарды камтыган курстар бар. Бүтүрүүчү квалификациялык жумушун жактоого жана экинчи чет тили боюнча комлпекстүү мамлекеттик сынакты тапшырууга милдеттүү. 

ES концентрациясы боюнча кенен маалыматты бул жерден табууга болот.

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028