Колдонмо илимдер бөлүмү
Эл. почта: [javascript protected email address]
Телефон: +996 (312) 915000 доб. 470
Кабинет: 215
Жакыпова Мээрим Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Экономика” факультетинин ага окутуучусу. Ал Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында “Экономика жана мамлекеттик башкаруу” илимдеринин доктору даражасын алса (2023-ж., Кыргызстан), Вебстер университетинен (2013-жыл, Австрия) менеджмент боюнча магистратура жана Борбордук Азия Америка университетинен экономика илимдеринин бакалавры даражасын алган (2011, Кыргызстан).
Доктор Жакыпова БААУдагы ишин 2016-жылы баштаган жана учурда бакалавриат жана магистратура деңгээлинде “Макроэкономикалык теорияга киришүү” жана “Экономикага киришүү” курстарынан сабак берет. Ал Стамбул шаарындагы “Сандык лекциялардын жайкы мектеби” программасынын катышуучусу (2022, Түркия), “Мигранттардын жана репатрианттардын дин тутуу же ишеним эркиндиги жана диний иш-аракеттери маселелери” темасындагы аймактык көп тараптуу жумушчу топтун отурумуна катышкан (2021, Кыргызстан) жана бир нече эл аралык илимий конференциялардын катышуучусу болуп саналат (2019). Ошондой эле Сеулдагы Эл аралык экономикалык изилдөөлөр борборунда билим алмашуу программасынын катышуучусу болгон (2015, Түштүк Корея).