Кафедралык эмес жалпы билим берүү бөлүмү
Искусство, гуманитардык илимдер жана коммуникация бөлүмү
Супатаева Эльвира Борбордук Азиядагы Америка университетинде ;алпы билим берүү программасынын ага окутуучусу. Ал педагогика илимдеринин кандидаты (2015, Кыргызстан) жана улук илимий кызматкер наамынын ээси (2017, Кыргызстан). Ал Бишкек мамлекеттик университетинде педагогика боюнча аспирант (2013, Кыргызстан), Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде филология боюнча магистр (2009, Кыргызстан) жана Бишкек гуманитардык университетинде филология боюнча адис (2001, Кыргызстан) дипломун алган.
Эльвира БААУдагы эмгек жолун 2024-жылдын август айында баштаган жана орус тили курстарынан сабак берет. Ал Патрис Лумумба атындагы Россиянын элдердин достугу университетинде, Москва мамлекеттик университетинде, А.С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институтунда жана Орус тили жана адабияты мугалимдеринин эл аралык ассоциациясында (MAPRYAL) орус тилин окутуу боюнча ар кандай илимий конференцияларга катышкан.