Коомдук илимдер бөлүмү
Эл. почта: [javascript protected email address]
Такахаши Юми Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Антропология жана эл аралык өнүгүү” факультетинин бакалавр жана магистр багытындагы ага окутуучусу. Ал Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология адистиги боюнча магистр (2019-ж., Кыргызстан) жана Эвергрин Стейт Колледжинен (2012-жыл, АКШ) маданият, лингвистика жана билимге басым жасоо менен антропология боюнча бакалавр адистигинин ээси. Юми эл аралык атайын талаптарга жооп берген Оксфорд семинарларынын кесиптик курстарын аяктагандан кийин англис тилин чет тили катары окутуу (TESOL/TESL/TEFL) багытындагы адис (2012-ж., АКШ). Акыркы адистиктерге ээ болууга чейин, ал Борбордук Азиядагы Америка университетинде “Антропология” факультетинде билим алып (2009-2011, Кыргызстан), Уорнер колледжинде сүйлөө жана искусство боюнча кичи адистиктин даражасын алган (1985-ж., АКШ).
Юми БААУда 2019-жылдан тартып “Антропология жана эл аралык өнүгүү” кафедрасында окутуучу болуп иштеп баштаган жана 2022-жылдан тартып ага окутуучу кызматын аркалап келет. Акыркы төрт жылдан бери ал студенттерге багытталган жана ар кыл дисциплиналар аралык бекем байланыштагы сабактарды окутуу менен бирге БААУнун “Жапон клубу” тайпасын башкарып келет.