«Колдонмо математика жана информатика» бөлүмү
Колдонмо илимдер бөлүмү
Эл. почта: [javascript protected email address]
Телефон: +996 (312) 915000 доб. 426
Кабинет: 415
Шапакова Зарина Бердалиевна Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин ага окутуучусу. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде математика боюнча магистр даражасын (1998, Кыргызстан) жана аталган окуу жайдын математика адистиги боюнча жогорку билим даражасын (1996, Кыргызстан) алган.
Зарина Бердалиевна 2000-жылы БААУга Окуу бөлүмүнү адиси болуп кызматка орношуп, 2006-жылдан тартып “Табигый илимдер жана маалыматтык технологиялар” факультетинде математика мугалими болуп иш алып барган. Ал эми 2012-жылдан 2020-жылга чейин БААУнун даярдоо программасы болгон Жаңы муун академиясында математика мугалими болуп эмгектенген. Учурда ал “Колдонмо математика жана информатика” факультетинде ага окутуучу болуп иш алып барат.