«Колдонмо математика жана информатика» бөлүмү
Колдонмо илимдер бөлүмү
Эл. почта: [javascript protected email address]
Телефон: +996 (312) 915000 доб. 426
Кабинет: 415
Керимкулова Эльмира Джарбановна Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин ага окутуучусу. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аспирантурасын аяктап (2002, Кыргызстан), Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «математика мугалими» адистиги боюнча жогорку билимге ээ (1992, Кыргызстан).
Эльмира Джарбановна БААУга 1998-жылы тейлөө бөлүмүнүн окутуучусу болуп кирген. 2012-жылдан 2017-жылша чейин БААУнун даярдоо программасы болгон Жаңы муун академиясында ага окутуучу кызматын аткарган. 2017-жылдан тартып “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин ага окутуучусу. Ал Кирни университетинин окутуучулардын атайын алмашуу программасынын стипендиаты болгон (2008, АКШ). Ошондой эле кесиптик көндүмдөр жана билимдерди жогорулатууга арналган атайын окутуу тренингдери менен катар илимий конференцияларга катышкан. Мисалы: “Байланыш методологиясы” (2017, Кыргызстан), “Маңыз жана болмуш: конъюгациялык эволюциядан радикалдык психологияга” (2017, Кыргызстан), “Инновация жана сапат” (2016, Кыргызстан) жана “Үйрөнүү үчүн жазуу” (2016, Кыргызстан) окутуу программаларына катышкан.