Кафедралык эмес жалпы билим берүү бөлүмү
Искусство, гуманитардык илимдер жана коммуникация бөлүмү
Эл. почта: [javascript protected email address]
Телефон: +996 (312) 915000 доб. 434
Кабинет: 315
Доктор Турдалиева Чолпон Борбордук Азиядагы Америка университетинин Жалпы билим берүү программасынын профессору. Чолпон Жапарбековна Гумбольдт университетинде докторлук даражасын алган (2022, Германия). Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунда тарых жана антропология боюнча докторантураны аяктап (2010, Кыргызстан), Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых адистигинде окуган (1989, Кыргызстан).
Доктор Турдалиева БААУда 2006-жылдан тартып иштей баштаган. Ал Берлин Бард колледжинин алдындагы Ачык коом университеттердин тармагынын илимий кызматкери (2023-2024, Германия), Колумбия университетинин Гарриман институтунун чакырылган окумуштуусу (2016, АКШ) жана Вашингтон университетинин Фулбрайт программасынын стипендиаты (2004-2005, АКШ) болуп саналат. Ошону менен катар, Чолпон Жапарбековна Борбордук Азияны изилдөө боюнча Европа коомунун кеңешме тобунун мүчөсү (ESCAS, 2014-2018) жана Кыргызстандын Фулбрайт ассоциациясынын эки мөөнөткө шайланган президенти болгон (2019-2021, 2021-2023).
Учурда Борбордук Евразиялык окумуштуулар коомунун (CESS) коомчулук менен байланыш боюнча сыйлык комиссиясы мүчөсү (2023-жылдан тартып), Түндүк Американын какынкы Чыгыш изилдөөлөр ассоциациясынын мүчөсү (2000-жылдан тартып, АКШ), Оозеки тарых ассоциациясынын мүчөсү (2000-жылдан бери, АКШ) кызматтарын аркалаган (2019-жылдан). Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргызстандын тарыхын изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү (2012-жылдан), Кыргыз Республикасынын «Тарых Коому» тарыхчылар ассоциациясынын мүчөсү (2013-жылдан, Кыргызстан), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын антропология жана археология боюнча диссертациялык комиссиясынын мүчөсү (2015-жылдан тартып) жана Кыргызстандын Фулбрайт Ассоциациясынын (2019-жылдан) башкармалыгынын мүчөсү кызматтарында иштеген.
Доктор Турдалиева «Музей демилгелери борбору» бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү жана директору болгон. Ал Эл аралык маданиятты сактоо фонду (AFCP), Сорос фонду, Кристенсен фонду, Кимтор Голд Компани, ЮНЕСКО жана өкмөт тарабынан каржыланган көптөгөн эл аралык жана улуттук долбоорлорду ишке ашырып келет. Эң көрүнүктүү долбоорлордун бири болуп 11-кылымдагы Бурана мунарасын (2021-2023) жана 15-кылымдагы Шах-Фазл күмбөзүн (2000-2001) коргоого жана реставрациялоого багытталган иш-чаралары саналат. Азыркы убакытка чейин Чолпон Жапарбековна талыкпас эмгектенип, Кыргыз улуттук тарых музейинин (2001-ж.), Нарын тарыхый-этнографиялык музейинин (2012-2015-жж.), Жалал-Абад музейинин (2017-ж.), Ак-Талаа музейинин (2018-ж.) жана Бурана музей-комплексинин (2018-ж.) донорлордун колдоосу менен музей башкаруу боюнча долбоорлорун ишке ашырып келет.