Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУнун Директориясы

Акылай Муктарбек кызы

Директор, Ага окуутучу

«Экономика» бөлүмү

Колдонмо илимдер бөлүмү

 

Эл. почта: [javascript protected email address]

Телефон: +996 (312) 915000 доб. 470

Кабинет: 215

«Таланттарды башкаруу жана уюмдардагы адамдык потенциалды өнүктүрүү» магистрдик программасы

Коомдук илимдер бөлүмү

 

Эл. почта: [javascript protected email address]

Кабинет: 215

 

Муктарбек кызы Акылай Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Экономика” адистиги боюнча магистратура программасынын директору жана “Экономика” факультетинин жана “Таланттарды башкаруу жана уюмдардагы инсандык өнүгүү”  (TALENT) багыты боюнча магистратура программасынын ага окутуучусу болуп саналат. Ал Норвегиянын “Жашоо илимдери” университетинин (Норвегия) экономика жана бизнес мектебинин экономика илимдеринин кандидаты. Ал Борбордук Европа университетинен (2012, Венгрия) экономика боюнча магистр даражасын артыкчылык менен аяктаган жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Экономика” адистиги боюнча бакалавр даражасына ээ болгон (2010, Кыргызстан).

Акылай БААУда эмгек жолун 2012-жылы окутуучу болуп баштап, ага окутуучу жана “Экономика” адистиги боюнча магистратура программасынын директору болуп кызмат ордунан көтөрүлгөн. 2017-жылы БААУда “Айлана-чөйрө жана өнүгүү борбору” ачылып, ага Акылай илимий кызматкер болуп кирген. Учурда  аталган борбордун убактылуу директору кызматын аткарып келет. Ошондой эле ЕККУ академиясында окутуучу жана 2015-2016-жылдар ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономикалык изилдөөлөр борборунда сыртан чакырылган илимий кызматкер болуп эмгектенген.

  • Ачык коом фондунун HESP AFP кайткан стипендиаты, 2012-2015
  • Жалпы республикалык тестирлөө боюнча “Алтын сертификат” даражасынын ээси катары БААУда акысыз билим алууга толук стипендиянын ээси, 2006-2010
  • Норвегиянын жогорку билим берүү боюнча эл аралык кызматташтык борборунун стипендиясы, 2016-2020
  • Борбордук Европа университетинин стипендиясы, 2010-2012
  • Өнүктүрүү долбоорлорунун таасирин баалоо
  • Туруктуу өнүгүү
  • Үй чарбаларын изилдөөнүн сандык маалыматтарын талдоо
  • Эмгек экономикасы

       Салым кошкон автор:

  • “Green economy learning assessment for the Kyrgyz Republic” Authors: CED AUCA and TSPC AUCA. PAGE-UNITAR Project, 2018.
  • “Gender, Poverty and Environment in Rural Kyrgyzstan: Issues of Natural Resources Management, Biodiversity and Environmental Degradation” Lead authors: Elena Kim, Nurgul Ukueva. Contributing authors: Rahat Sabyrbekov, Akylai Muktarbek kyzy, Asel Myrzabekova. UNDP-UNEP Poverty and Environmental Initiative in Kyrgyzstan, 2016.
  • Research assistant: Nurbek Jenish “Export-driven SME Development in Kyrgyzstan: the Garment Manufacturing Sector” University of Central Asia. Graduate School of Development Working Paper No.26, 2014.
  • Адам ресурстарын башкаруудагы маданияттар аралык изилдөө
  • Инсандык потенциалды өнүктүрүүнүн стратегиялык аспектилери
  • Кесиптик практика
  • Экономикалык изилдөө методдору
  • Өнөр жай экономикасы

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028