САНДАР ЖАНА ФАКТТАР

САНДАР ЖАНА ФАКТТАР

23 сентября 2013

Гульмира Дюйшеева

Кыргыз тил мугалими

 

Кыргыз элинин тарыхы абдан татаал болгон. Кыргыздын башынан өткөн кыйынчылыктарды кыргыз тили уникалдуу “Манас” эпосу аркылуу бүгүн бизге айтып берип жатат

 

САНДАР ЖАНА ФАКТТАР

“Манас” – дүйнөдө таанымал дастандарын арасында чоңдугу боюнча эң ириси болуп саналат.

Саякбай Каралаевдин жазылган вариантында гана жарым миллиондон ашык ыр сап камтылат.

-          “Манас” дастанын толук текстинин басылмасы кырк томдон ашмак.

-          “Манас” – “көркөм адабияттын деңизи” болуп эсептелет. Дастанды толук айтуу үчун тамактануу жана уктоого токтобостон алты ай убакыт керектелери бир уламышта айтылат. “Манас” дастанын өзүндө Жайсаң ырчы эскерилет, ал боз үйдүн жасалгасын гана жарым күн ырдап бере алмак.

-          “Манас” эпосу – дүйнөдөгү эң байыркы элдик оозеки чыгармаларынын бири болуп эсептелет.

“Манас” дастанынын жаралышы алгачкы коом мезгилине чейин кирип, байыркы мезгилдерге чейин тереңдейт. Илимпоздор дастандын жашы болжол менен миң жылдык деп аныкташты, бирок ал мындан да байыркыраак болгондугу тууралуу да божомолдор бар. “Манас” дастаны оозеки түрдөгү өзүнчө адабий жанр эмес, бул эпос кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгынын көптөгөн жанрларын өзүндө камтыйт. Кошок, санат, акыл-насаат мунун ичинде бар.

“Манас”, “Семетей”, “Сейтектин” айрым бөлүктөрү жана эпизоддору, ошондой эле толук варианттары 47 манасчынын оозунан жазылган.

Манасчы – дастандын аткаруучусу, кайталанбас тарыхчы, мунун эси жарым миллиондон ашык ыр сапка барабар элдин түбөлүк тирүү тарыхын сактаган. Манасчылык – бир актёрдун театры. Манасчы өзүнүн өнөрү менен элде жок болгон театрдын, китептердин ордун баскан.

-          “Манас” эпосу көп варианттуу чыгарма болуп саналат. Азыркы учурда “Манас” үчилтигинин 65 варианты бар, тексттерди жазуу иштери дагы эле уланып жатат.

-          “Манастын” классикалык вариант үч бөлүктөн: “Манас”, “Семетей”, “Сейтектен” турат. Саякбай Каралаев дагы үч бөлүк: “Кенен”, Алымсарык”, “Кулансарык” менен дастанды кошумчалады. Кытай кыргыздарында Жусуп Мамайдын варианты боюнча 8 бөлүк: “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, «Кененим», «Сейит», «Асылбача – Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей» бөлүктөрү бар. Кийинки бөлүктөрдө Манастын урпактары ички жаңжалдарга жана тышкы кол салууларга каршы, кыргыздардын эгемендүүлүгү үчүн үзгүлтүксүз күрөш тууралуу баяндалат.

-          “Манастын” кээ бир үзүндүлөрү биринчи жолу чыгыш адабиятында, тажик тилинде XVI Ферганада Сайфаддин Ахсикенди жана уулу Науруз-Мухаммад тарабынан жазылган “Мажму-ат-таварих” кол жазмасында катталган.

-          “Манас” кагаз бетине түшүрүлгөн, басмаканада басылып чыгарылган жана башка тилдерге которулган кыргыздардын алгачкы көркөм чыгармасы болуп саналат. 1885-жылы атактуу түрколог, академик В.В.Радлов Санкт-Петербургда кыргыз тилинин орус транскрипциясында дастандын жазып алган үзүндүлөрүн басып чыгарат, бир нече жылдан кийин тексттерди немис тилине өзү которуп, Лейпцигде басып чыгарат.

-          “Манас” тууралуу уламыштар байыркы өткөн мезгилде кеңири жайылган болчу. Бүгүнкү күндө улуу баатырдын аты менен менен бүткүл дүйнөдөгү жер-суу жана тарыхый эстеликтердин аталыштары байланыштуу. Кытайда, Үрүмчү шаарынын жанында Манас шаары жана дарыясы бар. Иртыштын жогорку агымында жана Амударыянын төмөн жагында Манас капчыгайларын жолуктурса болот. Испания жана Латын Америкада Манас атын ташыган шаарлар бар, ал эми Японияда Семетей шаары жайгашкан. Бутан мамлекетинде Манас суусу агат. Кореяда Манас булуңу бар. Крымда, Анапа шаарынын жанында Манас жарымаралы бар. Библиялык Галилеяда Манасия падышалыгы болгон экен. Индияда “Манас” чакан эпосу бар.

-          Илимий дүйнөнүн “Манас” эпосуна болгон кызыгуусу аябагандай күчтүү. Эпостун изилдөөчүлөрүнүн арасында фольклористтер, тарыхчылар, адабият таануучулар, философтор, этнографтар, тилчилер, географтор, педагогдор, журналисттер көп. Булар В.Радлов, М.Ауэзов, Ч.Валиханов, П.Фалев, Е.Поливанов, В.Жирмунский, А.Бернштам, С.Абрамзон, П.Берков, К.Рахматуллин, Б.Юнусалиев, М.Богданова ж.б.

-          “Манас” дастанына тиешелүү илимий жана илимий-популярдык мүнөздөгү чоң жана чакан иштердин саны үч миңден ашты.

-          “Манас” эпосуна чет элдик изилдөөчүлөр да көңүлүн бурушат. Түрк илимпоз А.Инан, англиялык илимпоздор Дж.Томсон, А.Хатто, С.Бауэр, франциялык Реми Дор, кытай окумуштуусу Ху-Чжень-Хуа ж.б. бир нече жолу эпос тууралуу жазышкан.

-          “Манастын” үзүндүлөрү дүйнөнүн көптөгөн – англис, француз, немис, орус, кытай, казак, өзбек, монгол, алтай, литва, тажик, түркмөн, хинди, иврит тилдердине которулган.

-          Дастан боюнча иштер дагы эле уланууда.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028