Дениз жылдыздары

Дениз жылдыздары

11 сентября 2013

Ысык-Көлдө өткөн реалити-шоу тууралуу макала

 

Эндрю Вахтель жана Кыргызстан жылдыздарынын катышуусу менен өткөн “Деңиз жылдыздары” жайкы оюндары

 

Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин Президенти Эндрю Вахтель “Деңиз жылдыздары” жайкы оюндарына катышты. Бул иш-чара Кыргызстандын бермети көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде КТРК тарабынан 2-5-сентябрь аралыгында уюштурулган.

 

Эндрю Вахтелдин “Береке” курама тобу 1-орунду жеңип оюндардын жеңүүчүсү болду. Долбоордун соңунда байге алуучулар кубоктор жана медалдар менен сыйланды.

 

Долбоорго 4 курама топ катышкан. Булар “Береке”, “Бакубат”, “Байгер”, “Ынтымак” топтору.

 

“Байгер” тобу 2-орунду алып, таймашта татыктуу атаандашууну көрсөтө алды. 3-орунду атаандашынан “Бакубат” тобу жеңип алды.

 

“Деңиз жылдыздары” оюнуна 20 киши катышкан, булар жогоруда аталган 4 топкө бөлүнгөн. Мелдештер бир гана суу үстүндө өттү.

 

Жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бардыгында бар. Эч кандай жеңишке жетпей калган эч бир адам жок. Жеңишке жетүү үчүн бизге тоскоолдук кылган жалгыз нерсе утулуп калуу коркунучу болуп эсептелет. Чындыгында, адам муну ийгиликтин куйругунан  араң кармап калган учурда гана сезет. Жеңишке умтулуу менен тырышчаактык дайыма өз натыйжаларын берет. Мунун мыкты далили катары Эндрю мырзаны көрсөтсө болот, ал эң акыркы көз ирмемде, мына утулуп калышат дегенде, акыркы күчүн жыйнап, алдыга озуп жеңишке жеткен!

 

Алина Жетигенова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти

Долбоордун уюштуруучуларына чакыруу үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бардык катышуучулар үчүн оюн кызыктуу жана шаңдуу өттү. Бүгүн мени чоң кубаныч толтуруп турат, балким мен мындай иш-чарага биринчи жолу катышып жатканыман ушундай болуп жаткандырмын. Мелдеште Эндрю мырза мыктылык көрсөттү. Өзүнүн көрүнүктүү жашына карабастан, ал элдин бардыгын өзүнүн кайраты, дуркүрөгөн кубаттуулугу жана эрки менен таң калтырды. Бул оюндар бизде достук сезимдерин, бириккендикти, ынтымакка жана тынчтыкка болгон умтулууну ойготту. Менин оюмча долбоордун иши жүзөгө ашты. Өлкөбүздө эл бир гана жаратмандык үчүн чогулушун тилейм. Абдан көп энергия топтоп, бул күч-кубат көпкө жетерин ойлойм. Эгер мелдештин өзү тууралуу кеп кылсак, ал оңойго турган жок. Суу үстүндө бардык нерсе абдан татаал экен: бир туура эмес кыймылдасаң эле, суу астында каласың. Ошондуктан мындай оюндар атайын даярдыкты талап кылат. Биздин топтун курамында актёр, куудул жана спорт чеберлеринин катарынан чыккан күчтүү эр-азаматтар болгон, менин оюмча алар болгон күчүнүн бардыгын оюнга жумшашты. Ушундай иш-чаралар ар дайыма уюштурулуп турушун каалайм.

 

Улан Молдодосовспорт чебери

Мен абдан көп жакшы маанай топтогонумду айта алам, күн абдан мазмундуу өттү. Мындай долбоорго биринчи жолу катышып жаткан жокмун. Спорттогу эмгегимди жана жетишкендиктеримди баалап, ушундай иш-чарага чакырган уюштуруучуларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Өткөн жылы мен жаңы болчумун, быйыл болсо тажрыйбам болуп калды. Буга карабастан биз 3-орунга ээ болдук, анткени оюндун эрежелери толугу менен өзгөргөн экен. Бүгүнкүгө чейин биз оюндар бананда сүзүү, абага катер көтөргөн парашют менен учуу сыяктуу оңой болот деп ойлогонбуз. Булардын жок болгонуна абдан таң калдык, тескерисинче физикалык жүк көп кошулуптур. Программаны түп тамырынан өзгөртүшүп, аны жашыруун кылып сактап жатышты. Башка жагынан караганда мындай өзгөрүүлөр оюнга курчтуулук кошуп, кызыктуулугун арттырды.

 

Бирок биз өкүнгөн жокпуз, анткени 3-орун дагы байгелүү болуп саналат, биз буга дагы кубанып жатабыз. Биздин командабыз жакшы. Биринчиден, уюштуруучуларга жакшы идея жана уюштуруунун өзү үчүн абдан ыраазымын. Мындай иш-чараларга катышып, биз ден-соолуктуу жашоо образынын гана эмес, жаштарыбызга жана элибизге маданияттуу эс алуунун пропагандасын да кылып жатабыз. Күчүбүз биримдикте, мындай оюндарга катышып биз муну дагы бир жолу тастыктап жатабыз.

 

Бүгүн БААУ Президенти Эндрю Вахтель мырзанын чыйрактуулугуна баш ийип жатамын. Анын эрки жана жеңүүгө болгон умтулуусу бизди шыктандырат, менин гана эмес, бардык катышуучулардын жана көрөрмандардын сый-урматына татыктуу. Ал лидер болуп саналат. Анын аркасынан команда бардык кыйынчылыктарга барышат. Өзүнүн сыйлуу жашына карабастан, ысык-суукту карабай биз менен бирдей эле башынан аягына чейин күрөшүп жатты.

Атактуу спортчу мелдештин уюштууручуларына ыраазычылык билдирди.

 

Жалпысынан алганда, долбоордун ар бир катышуучусу эң акыркы секундага чейин жеңиш үчүн күрөшкөнүнө карабастан, оюнда достук жана жайдарылык чөйрөсү өкүм сүрүп жатты.

 

Бул турмушта бизге чөгүп кетүүгө мүмкүндүк бербеген эң башкы фактор болуп эрк, ишенимдүүлүк жана өз принциптериңе кыйбагандык эсептелет! Ошондой эле жеңишти көздөгөн кызуу умтулуу да мунун катарына кирет!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028