Өз ыктыярдуулук фестиваль

Өз ыктыярдуулук фестиваль

5 сентября 2013

2013-жылдын 21-сентябрында БААУ, АКШ Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID), Роза Отунбаева Демилгеси, Кыргызстандагы АКШ Тынчтык корпусу (US Peace Corps) жана БУУ өз ыктыярдуу жумушчулары Бишкектин Эски аянтында өз ыктыярдуулук иши (волонтёрлук) фестивалын саат 13:00дон 18:00го чейин өткөрүшөт. Фестивалдын максаты жаштарды 1000 саат өз ыктыярдуулук (волонтёрлук) ишине чакыруу болуп эсептелет.

 

Өз ыктыярдуулук фестивалы WWW.VOLUNTEER.KG веб-баракчасын, жаңы онлайн-ресурсту ачып жатат, мында өз ыктыярдуу жумушчулар волонтёрлук иш жана жардам боюнча  социалдык долбоорлорду жаратуу жана издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

 

Иш-чаралардын күн тартиби:

 

10:00 – 13:00 – Үй-бүлөлүк өз ыктыярдуу иштер. 3-10 жаштагы балдары болгон үй-бүлөлөр Бишкек шаарын гүлдөтүү боюнча долбоорлорго катышууга чакырылат. АКМЕ менен бирдикте БААУнун Кошумча билим берүү борбору  Кыргызстандын эң кичинекей тургундарына жардам берүү кандай шаңдуу экендигин түшүнүүгө жардам беришет.

13:00 – 13:30 – Өз ыктыярдуулук ишинин фестивалына БААУнун маңдайында, Эски аянтта каттоодон өтүү.

13:30 – Фестивалдын ачылышы–

13:45 – Өзгөчө катышуу – Каныкей, Саадат Чокубаевой, и Oakland

14:00 – 17:30 – Өз ыктыярдуулук иши боюнча долбоорлор. Бардык катышуучулар шаардын ар кайсы аймактарында БААУ, АКШ Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID), Роза Отунбаева Демилгеси, Кыргызстандагы АКШ Тынчтык корпусу (US Peace Corps), БУУ өз ыктыярдуулары, AIESEC, “БУУ аялдары”, “Ротаракт” ж.б. тарабынан атайын даярдалган  3 сааттык өз ыктыярдуулук жумуштарын аткарышат.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028