Жалпы республикалык “айыл китепканасына китеп белек кыл” кайрымдуулук акциясы

Жалпы республикалык “айыл китепканасына китеп белек кыл” кайрымдуулук акциясы

9 апреля 2013

2013-жылдын 12-апрелинен 12 майына чейин Борбордук Азиядагы Америкалык Университетте жана Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен “АЙЫЛ КИТЕПКАНАСЫНА КИТЕП БЕЛЕК КЫЛ” кайрымдуулук акциясы жүргүзүлмөкчү.

Коомубуздун өнүгүүсүнүн заманбап этабында, бирдиктүү маалымат мейкиндигинин түзүлүшү шарттарында жана маданий маалыматтык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө үчүн шарттарды камсыз кылууда, шаардык – академиялык, ачык, балдар китепканалары айыл китепканаларын колдоп, алар менен тыгыз кызматташтыкта болуусу зарыл. Классикалык жана заманбап көркөм адабиятка, ар түрдүү илимий  тармактар боюнча адабияттарга болгон муктаждык күн өткөн сайын күчөөдө.

Бул акция мамлекеттик, коомдук органдардын, өлкө жарандарынын жана эл аралык коомчулуктардын көңүлүн, Кыргызстандын айыл китепканаларынын фондуларын жаңы адабият, периодикалык жана башка басылмалар, аудио жана видеопродукция, жабдуулар, инвентарь, техникалык каражаттар менен толтурууга бурууга, каржылык кайыр кылууга багытталган. Акциянын максаты – айылдык окурмандардын маалыматтык ресурстарга жетүүсү, ар түрдүү басылмаларды колдонуу үчүн керектүү шарттарды жаратуу, Кыргызстандын айылдык калкынын маалыматтык талабын канагаттандыруу болуп саналат.

Чогулган каражаттар толугу менен айылдык китепканалардын өнүгүүсүнө жумшалат, булардын колдонулушу боюнча отчет ММКларга берилет.

Бүгүнкү күндө 928 айылдык китепкана иштөөдө, жылына 1ден 5ке чейин, эң көп 15 жаңы китеп келүүдө. Азыркы учурда өлкөнүн аймактарындагы китепканалар окурмандардын маалыматтык муктаждыктарын канагаттандыруу үчүн заманбап адабиятка болгон катуу жетишсиздикти баштарынан өткөрүп жатышат. Китепкана фондулары абдан эскирип, көптөгөн китептер жараксыз абалда болуп калышты, жаңылар менен толукталбай жатат. Массалык китепканалардын фондуларын толтуруу дайыма чоң маселе болуп келген. Бүгүнкү күндө басылмалардын көптүгүнө карабастан, китепканалардын адабият сатып алууга каражаттары жок.

“АЙЫЛ КИТЕПКАНАСЫНА КИТЕП БЕЛЕК КЫЛ” акциясынын жыйынтыктарын чыгаруу алкагында айыл китепканаларынын жетекчилерине китептерди жана башка чогулган каражаттарды тапшырып берүү аземи 2013-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Китепканалар күнүндө өткөрүлмөкчү.

Жалпы республикалык акцияга мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар, юридикалык жана жеке жактар, министрликтер жана ар түрдүү мекемелер, жергиликтүү мамлекеттик уюмдар, эл аралык уюмдар, коомдук фонддор, китеп чыгаруучу жана сатуучу уюмдар, жогорку окуу жайлары, фирмалар, жеке ишкерлер жана башкалар катышышат.

Айылдык китепканаларга жардам көрсөткүсү келгендердин бардыгы өз китептерин жана кайырлардын башка түрлөрүн төмөндөгү даректер боюнча алып келип бере алышат:

  1. 1.      Борбордук Азиядагы Америкалык Университет, Абдымомунов көчөсү, 205 (башкы корпустун фойеси). Тел.: (0312) 661088 Сафия Рафикова
  2. 2.      Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Абдрахманов көчөсү, 208. тел (0312) 304685; (0312)304684 Алыбекова Акыл, Тараторина Татьяна Борисовна.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028