Деңгээлиң кандай, окуучу?

Деңгээлиң кандай, окуучу?

9 апреля 2013

“Окуучулардын даярдыгы төмөн, кескин чаралар көрүлбөсө, 10 жылдан кийин кимдер окуп, кимдер окутат?”

 

Кыргызстандагы жалпы билим берүүнүн сапаты начар экендиги жашыруун деле эмес. Өткөн жылы КМШ өлкөлөрүндө окуучулар арасында өткөрүлгөн атайын иликтөөдө Кыргызстандын окуучулары  эң төмөнкү көрсөткүчтү көрсөткөн эле. Жакындан бери Бишкектеги Борбордук Азияда  Америка университетинин жетекчилиги орто мектептерде билим берүүнүн сапаты төмөн болуп, натыйжада абитуриенттердин даярдыгы начар экенин айтышып, коңгуроо кагыша башташты.  Өлкө жетекчилиги кыдаалды оңдоо үчүн кандайдыр чара көрбөсө, арты жаман болушу мүмкүн дешет.

 

--Сиздер Кыргызстанда жалпы билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенин айтып атасыздар. Айтсаңыздар, мектеп окуучуларынын билим деңгээлдеринин төмөндөп кеткени эмнелерден көрүнүп атат?

 

Эндрю Джон, БААУнин президенти:

 

--Муну биздин окуу жайга тапшырып аткан абитуриенттердин билим деңгээлдерин салыштыруу аркылуу билип атабыз. Он жыл мурдагы абитуренттердин билими, даярдыгы менен азыркыларды салыштырып болбой калды. Бул балким мурда бизге күчтүү бүтүрүүчүлөр келип, азыр келбей калгандыгы менен түшүндүрүлсө керек. Бирок ошол эле мезгилде башка окуу жайлар бизден мыкты болуп кеткен жери жок. Демек, маселенин баары мектепти бүткөн бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгында, билиминде болуп атат. Азыр келген абитуриенттер тигил же бул предметтер боюнча экзамен тапшырышканда, өтө төмөнкү көрсөткүчтөрдү көрсөтүп атат. Айрыкча матеметика предмети боюнча даярдыктары ойлондурарлык деңгээлде десем болот. Бул бүгүн  биз үчүн чоң көйгөйгө айланып олтурат.

 

--Сиз айткан бул тенденция улана турган болсо, окуу жайдын келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан бул маселе сиздерди ойлондуруп аткан окшойт?

 

--Туура айтасыз, бирок бул бизди эле эмес, мамлекет башындагыларды да ойлондурушу керек. Башка окуу жайларга да тиешелүү көйгөй. Бул маселе башка окуу жайларында болсо да, алар ачык айтышпай атышса керек.  Билим берүү системасындагы мындай кырдаалдын түзүлүүсүнө эмне себеп болушу мүмкүн? Өзүңөр билгендей, советтик билим берүү системасынан чыккан педагогдор, мугалимдердин дээрлик көпчүлүгү мектептерде сабак бербей калышты, пенсияга чыгып кетишти. Б.а. мектептердеги мугалимдердин курамынын сапаты мындан 20 жыл мурдагыдан кыйла  начар десем жаңылышпайм. Совет учурунда даярдалган мугалим пенсияга кеткен учурда анын ордун даярдыгы төмөн  мугалимдер толуктап атышат. Албетте, жаңы муундагы мугалимдердин  берген билимдерин эски педагогдордукуна салыштырып болбойт. Натыйжада окуучулардын ЖОЖдорго даярдыгы тиешелүү деңгээлде болбой калууда. Бул көйгөй түрктөрдүн окуу жайларында гана жок болсо керек. Анткени, аларга негизинен түрк лицейлерин бүтүргөндөр тапшырышат эмеспи. Паралеллдик система болгондуктан анда окуучулардын даярдыгы жакшы.

 

 

Бермет Турсункулова, БААУнун академиялык суроолор боюнча вице-президенти:

 

--Чынында бул маселени жөн козгоп аткан жокпуз. Окуу жайга тапшырууда эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн абитуриенттердин саны кескин азайып атса, минималдык чекти араң багындырган абитуриенттердин саны көбөйүп гана баратат. Муну  далилдеген фактылар, статистикалык маалыматтар бар. Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы жылдардагы жыйынтыктары да ушуну көрсөтүүдө. Мындан сырткары, атайын иликтөөнүн жыйынтыгы менен мектептердин рейтингин түздүк. Биздин окуу жайга негизинен түрк лицейлеринен, же “Алтын шаты” сыяктуу менчик мектептерден келгендердин даярдыгы жакшы экени аныкталды. Бул эмнеден кабар берет? Кадимки орто мектептерде  билим берүүнүн сапаты жакшы эместигин билдирет. Мында окуучуларга бир мезгилде көп предметтерди окутуп, аларды өздөштүрүү жагынан кыйнап коюшу мүмкүн. Натыйжада окуучу бир предметке артыкчылык бере албай калат. Же бардык предметтен талапка ылайык окутушпайт.

Бул балким, бизге, башка окуу жайларга андай деле тынчсыздандырарлык маселе эместир. Бирок тенденция уланчу болсо, мамлекет үчүн катастрофалык кырдаал жаралбай койбойт. Анткени, Эндрю мырза айткандай, бизди окуткан мугалимдер азыр жок, ал эми бүгүнкү окуучуларды ошол эле эптеп, септеп атып ЖОЖду бүткөндөр окутуп атышат. Анда келечектеги адистердин даярдыктары кандай болот?

 

--Бул негизи көйгөйлүү маселеби? Эгер көйгөй болсо аны чечүүнүн жолун эмнеден көрөсүз?

 

Эндрю Вахтель:

 

--Башка ЖОЖдордун жетекчиликтери деле кайсыл бир мектептин алдында өздөрүнүн даярдоочу мектептерин ачуу зарылдыгын айтышса керек. Муну мен да колдойм. Менимче, биз андай даярдоочу мектепти ачууга баратат окшойбуз. Бирок муну Бишкекте гана  ишке ашыруу мүмкүн. Ошондо андай мектептерде Бишкекте окуган окуучулар  гана даярдоочу курс катары окуп калышат.  Өлкөнүн башка жериндеги мектеп окуучулары  ал даярдоочу курстан окууга мүмкүнчүлүктөрү болбойт. Натыйжада мындай кадам айрым бир окуу жайлардын абалын жеңилдетип, саналуу окуучуларга жардам бералат. Кырдаалдан толугу менен чыгарууга  мамлекеттин гана мүмкүнчүлүгү бар.  ЖОЖдор ар бир мектептин алдында даярдоочу мектептерди ача албайт. Ал эми бизге окшогон чет элдиктер бул маселени дегеле чече албастыгы белгилүү.

 

Бермет Турсункулова:

 

--Маселени Бишкектин мисалында айтып атабыз. Ал эми аймактарда абал мындан да оор. Биздин окуу жайда окуган студенттердин 70 %дайы жер-жерлерден келгендер. Айрым айыл жериндеги мектептен келген абитуриенттер окуган мектебинде англис тили мугалими жоктугунан англис тилин окушкан эмес. Бирок сөздүктөрдүн жардамы менен тилди өз алдынча өздөштүрүшкөндөр. Биздин окуу жайда студенттердин саны аз болгондуктан, окуусунда жетишпей аткандары менен өз алдынча, индивидуалдуу түрдө иштешүү  жакшы жолго коюлган. Миңдеген студенттери бар окуу жайларда бул жагынан кантишерин элестетүү кыйын. Окууну өздөштүрүп жакшы окугандары окуп кетсе, анте албагандары билиминин сапаты начар бойдон кала берет да.

 

--Маселени билим берүү министрлигине айткансыздарбы? Алардын позициясы кандай?

 

Эндрю Вахтель:

 

--Жок, сөз кылып аткан маселе менен министрликке кайрылган жокпуз. Биз менен министрликтин ортосунда мындан башка көйгөйлүү маселелер жетишерлик. Ошондуктан буга ал жактын позициясы кандай экенин, эмне деп жооп беришерин  айта албайм. Менимче, алар жалпы республикалык тестирлөөнү (ОРТ)  бетке кармашса керек. Тестирлөөдөн өтүшсө, демек абитуриенттердин даярдыгы жетиштүү деп эсептешет. Талашпайм, кайсыл бир деңгээлде жалпы республикалык тестирлөө окуучулардын даярдыгын көрсөтөт. Билим берүүнүн сапатын көтөрүүнүн жолу эмес да.

 

--Аймактардагы мектеп окуучуларынын  даярдыгын мыктылоо  үчүн эмне кылуу керек дейсиз?

 

--Албетте, ар бир айылда даярдоо мектептерин  ачуу жөнүндө сөз кылуу бул күлкү келерлик нерсе. Ага экономиканын абалы да жол бербейт. Бирок ар бир райондо таланттуу балдар келип, орто билимдерин улантуучу атайын мектеп-интернаттар ачылса туура болмок. Ал жерге көрүнгөнү эмес, чынында таланттуу, зирек, дээринде барлар келип окутулса. Ал жерди аяктаган соң алар өздөрү каалаган окуу жайларга тапшырып, анда да мыкты окушуп, натыйжада өз кесибинин татыктуу адистери  болуп чыгышмак. Азыр кандай болуп атат?  Окууга жөндөмү, каалоосу жоктору деле студент  болуп жүрүшөт. Жылына миңдеген студенттер ЖОЖдорду бүтсө, алардын азы гана өз адистигинде эмгектенишип, калганы дипломдуулардын санын көбөйтүшөт.  Ошондуктан окуу жайлардын санын кыскартып,  студенттердин санын азайтуу зарыл. Сандыктан сапаттыкка өтүү мезгил талабы. Менимче, жылына  25 миң  ортозаар студенттен көрө, жылына 10 миң мыкты, күчтүү студенттердин ЖОЖдорду аяктап турганы максатка ылайыктуу эмеспи.  

 

Бермет Турсункулова:

 

--Азыр советтик билим берүү системасынын билимине сугарылган орто, улуу муундагы педагогдордун ордун  жаңы өсүп келаткан муундар ээлеп атат.  Бирок алардын курамы жогоруда айткандай кубантарлык эмес. Мыктылары өлкөдөн сыртка чыгып кетсе, Кыргызстанда атаандаштыкка кубатсыздары калууда.  Россия, Казакстанда  илим, билимдүү, интеллигент жаштардын кичи мекендерине  кайрылып барып, мектептерде иштөөсүн камсыздаган, аны стимулдаган атайын мамлекеттик программалар бар. Бизге да жаш муундагы педагогдорду стимулдаган кандайдыр программа кабыл албаса, кырдаал чыны менен эле кыйын.  Андыктан өлкө жетекчилиги бул маселени азыртан ойлоп, кардиналдуу чечимдерди кабыл алуусу зарыл. Бул түздөн-түз мамлекеттин эртеңине, келечекке байланышкан маселе. Ансыз 10 жылдан кийин бул өлкөдө кимдер окуп, кимдер окутуп, кимдер иштешет?

 

Кал айткан менен болобу, жогорудагы пикирлерге кошулбай коюуга болбойт. Орто билим берүүнүн сапаты, андан келип дипломдуу адистердин кесиптик даярдыгы талапка жооп бербей тургандыгы турмуш чындыгы. Билим берүү системасы чоң реформага муктаж экендигине карабай, жумушчу орундарына жараша адистерди даярдоо саясаты ишке ашпай койду. Жогорку окуу жайларынын санын кыскартуу аракети да майнап берген жок. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” дегенде эле болууда.  Сталиндин “...баарын кадр чечет” деп айтканын эске алсак, Кыргызстандагы билим берүү системасы, адистерди даярдоо жагы кардиналдуу реформага муктаж...

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028