Универсиада

Универсиада

2 апреля 2013

БААУ студенттери шахмат боюнча универсиадада татыктуу орундарга ээ болушту

 

12-марттан 14-мартка чейин Кыргыз Техникалык Университеттин имаратында Универсиада болуп өттү. КРнын ар кайсы университеттеринен 14 команда бул мелдешке катышты.

 

Турнир 2 күнгө созулду. 14 команданын ичинен жарым финалга 8 команда өттү. Студенттерибиз финалга өтүп, Жалал-Абаддык команда менен бетме-бет таймашка чыгышты. Америкалык Университеттин командасы 3 студенттен түзүлгөн, алар: Талапкер Бекбасаров – Бизнес-башкаруу факультетинин биринчи курсунун студенти; Яна Шимковски жана Эрлан Джумабаев. Финалдык эсеп 1 : 1 болду, бирок биринчи такта, б.а. команданын бир тогоосу (звеносу) утулгандыгы үчүн, турнирдин регламенти боюнча ал автоматтык түрдө экинчи орунга ээ болот.

 

Үчүнчү орунду КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын командасы алды. Биринчи орунга Жалал-Абаддык команда ээлик кылды. 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028