БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Математика жана каржылык эсептөөлөр боюнча үч жаңы китеп

4 ноября 2026

Жарыкка чыккан үч китептин биринин авторлорунун катарында БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин профессору Сыргак Капарович Кыдыралиев бар. Эмгектердин экөө математикага арналса, дагы бири окурмандарга каржылык жана инвестициялык эсептөөлөрдүн маселелерин түшүнүүгө жардам берет.

Санкт-Петербургдагы “Арден” басма үйү “Финансылык жана инвестициялык эсептөөлөрдүн негиздери” китебинин төртүнчү басылышын чыгарды. Анда долбоорлорду каржылоо үчүн каражаттарды тартуу жана сабаттуу инвестициялоо маселелери каралган. Теориялык материал көп сандагы тексттик маселелер, мисалдар, практикалык кырдаалдар жана көнүгүүлөр менен толукталган. Китеп экономикалык адистиктин студенттерине, жогорку класстын окуучуларына жана атайын экономикалык же математикалык билими жок болсо да, каржы, инвестиция жана экономикага кызыккан ар бир адамга арналган. Китептин автордук жамааты: А.У. Жапаров, В.Ш. Каганов, Т.К. Камчыбеков, С.К. Кадыралиев, А.Б. Урдалетова.
Дагы бир жаңылык – “Жандуу математика” окуу куралы орус жана кыргыз тилдеринде жарык көрдү. Китептин үстүнөн С.К. Кыдыралиев, А.Б. Байзаков, А.Б. Урдалетова, С.Н. Джапарова жана Е.С. Бурова эмгектеништи.

Авторлор математикага окуу дисциплинасы катары гана эмес, курчап турган дүйнөнү таануунун куралы катары да кароону сунушташат. Окуу куралы болочок мугалимдерге математикалык билимдерин тереңдетүүгө, ошондой эле логикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү, ойлоно билүү жана чечим табуу жөндөмүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Тексттик маселелердин, мисалдардын жана практикалык кырдаалдардын көптүгү материалды кеңири аудитория үчүн жеткиликтүү жана кызыктуу кылат. Басылма Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окуу куралы катары сунушталган. Ал ошондой эле жогорку класстын окуучуларына жана математикага кызыккандарга пайдалуу болот.

“Колдонмо математика жана информатика” факультетинин профессору Сыргак Кыдыралиевди жана улук окутуучу Елена Бурованы жаңы китептеринин жарык көрүшү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

<< Назад к списку