Муратбек Азымбакиевдин китебинин бет ачары
18 сентября 2026

Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муратбек Абакирович Азымбакиев менен жолугушууга чакырабыз.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Дубалдар эмес, көпүрөлөр: дипломаттын жазуулары. Татаал нерселер жөнүндө ачык-айкын» («Мосты, а не стены: записки дипломата. Честно о сложном») китебинин бет ачары өтөт. Автору китепте өзүнүн дипломатиялык иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, Ата Мекенге кызмат кылуу жана адамдарга урмат-сый менен мамиле жасоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып берет. Калкты жана мамлекеттерди өз ара түшүнүшүү, кызматташуу жана өнөктөштүк маселелери башкы орунда турат.
Жолугушуунун алкагында ошондой эле «Эл аралык мамилелер системасы: геосаясат, геоэкономика, Кыргызстандын мисалында эл аралык мамилелердин акторлорунун инсандыгын калыптандыруунун чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» темасында лекция өткөрүлөт.
Өз сөзүндө Муратбек Абакирович кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, эл аралык мамилелердин жана Кыргызстандын тышкы саясатынын актуалдуу маселелерине токтолот.
Убактысы: 15:30
Дареги: БААУ, жыйындар залы (4-кабат)
Тили: орус тили
Бул маанилүү иш-чарага каалоочулардын баарын күтөбүз!
Иш-чаранын уюштуруучулары: Президенттин кеңсеси, Китепкана жана Эл аралык жана салыштырмалуу саясат таануу департаменти.