БААУ QS дүйнөлүк рейтингинде өз ордун бекемдеп, кайрадан Кыргызстандын мыкты жогорку окуу жайы аталды
31 июля 2026

Борбордук Азиядагы Америка университети QS World University Rankings 2027 тандоосу боюнча кайрадан эле мыкты ата мекендик университет деп табылды.
БААУ өткөн жылдагы жыйынтыгын жакшыртып, 801-850 тобуна көтөрүлдү жана өлкөнүн жогорку окуу жайларынын арасында лидерлигин сактап калды. БААУнун жогорку позициялары университеттин эл аралык стандарттарга шайкештигин жана анын Кыргызстандагы жогорку билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымын тастыктайт.
QS World University Rankings рейтинги жыл сайын билим берүүнүн сапатын жана эл аралык деңгээлде таанылышын чагылдырган көрсөткүчтөрдүн комплекси боюнча университеттерди баалап келет. Алардын катарында академиялык жана жумуш берүүчүлөрдүн аброю, окутуучулар менен студенттердин катнашы, илимий басылмалардын шилтеме берилиши, эл аралык кызматташтык, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу, туруктуу өнүгүү жана башка критерийлер бар.
2027-жылдын рейтингине дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн жана аймактарынан 1500дөн ашык университет кирди. Өткөн жылдагыдай эле рейтингдин сап башына Массачусетс технологиялык институту (MIT) жайгашты. Биринчи ондукка ошондой эле Лондондун Падышалык колледжи, Стэнфорд университети, Оксфорд университети, Гарвард университети, Кембридж университети, Калифорния технологиялык институту (Caltech), Цюрихтеги Швейцария жогорку техникалык мектеби (ETH Zurich), Лондондун университеттик колледжи (UCL) жана Сингапур улуттук университети (NUS) кирди.