Эң мыктысын танда. БААУну танда
20 июля 2026

Университетке кирүү — бул кесипти гана эмес, сиз өнүгө турган, өзүңүздү таба турган, алгачкы кесиптик тажрыйбага ээ болуп, келечекке пландарды кура турган чөйрөнү тандоо дегенди билдирет. Дал ушул себептен билим алуу менен бирге өсүү мүмкүнчүлүктөрү айкалышкан жайды табуу абдан маанилүү. Көпчүлүк үчүн Борбордук Азиядагы Америка университети (АУЦА) дал ушундай жайга айланууда.
Кыргызстандын эң мыкты университети
Жакында эле жарыяланган 2027-жылга карата QS World University Rankings эл аралык рейтингинде АУЦА Кыргызстандын университеттеринин арасында биринчи орунду ээледи. Бул жогорку баа билим берүүнүн сапатын, күчтүү окутуучулар курамын, заманбап билим берүү ыкмаларын жана университеттин эл аралык деңгээлде таанылгандыгын тастыктайт.
Эл аралык деңгээлдеги билим берүү
АУЦА ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттердин жана окутуучулардын башын бириктирет. Көп улуттуу чөйрөдө күнүмдүк пикир алышуу дүйнө таанымды кеңейтүүгө, ар түрдүү маданияттар менен таанышууга жана эл аралык командаларда натыйжалуу иштөөнү үйрөнүүгө жардам берет. Мындай тажрыйба азыркы дүйнөдө жумуш берүүчүлөр тарабынан өзгөчө жогору бааланат.
Америкалык окутуу модели
Окуу процесси liberal arts принциптерине негизделген. Студенттер бир гана адистикти үйрөнүү менен чектелбестен, кеңири академиялык даярдыктан өтүшөт, сын көз-карашта ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт, маалыматты талдоону, изилдөө жүргүзүүнү жана стандарттуу эмес чечимдерди табууну үйрөнүшөт. Бул ыкма тез өзгөрүп жаткан эмгек рыногуна оңой көнүгүүгө жардам берет.
Англис тили — күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү
Бардык билим берүү программалары англис тилинде жүргүзүлөт. Бул студенттерге дүйнөдөгү эң мыкты билим берүү ресурстарын колдонууга, эл аралык долбоорлорго жана конференцияларга катышууга, чет өлкөлөрдө тажрыйба арттыруудан өтүүгө жана дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде окуусун улантууга мүмкүнчүлүк берет. Окуу жылдарында англис тили жөн гана окуу предмети эмес, негизги иш куралына айланат.
Аудиториядан тышкаркы мүмкүнчүлүктөр
БААУдагы студенттик жашоо лекциялар жана семинарлар менен эле чектелбейт. Университет ондогон клубдарды жана уюмдарды, ыктыярчылык демилгелерди, илимий долбоорлорду, спорттук ийримдерди, чыгармачылык иш-чараларды жана талкуу аянтчаларын сунуштайт. Бул жерде сиз өзүңүздү лидер, уюштуруучу, изилдөөчү же өз долбооруңуздун автору катары сынап көрүп, практикалык көндүмдөргө ээ болуп, пикирлештерди таба аласыз.
Эл аралык алмашуу программалары жана кош диплом
БААУнун студенттери Европанын, АКШнын жана Азиянын өнөктөш университеттеринде бир семестр же бир окуу жылын өткөрө алышат, ошондой эле эл аралык компанияларда, өкмөттүк эмес уюмдарда жана изилдөө борборлорунда тадрыйба арттыруудан өтүү аркылуу иш тажрыйбасына ээ боло алышат. Бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү дипломун жана АКШдагы Bard College тарабынан аккредитацияланган америкалык дипломду алышат, бул болсо билим алууну улантууга жана эл аралык карьера курууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Сапаттуу билим берүү жеткиликтүү болууда
БААУ таланттуу жана максатка умтулган студенттерди колдоого умтулат. Университетте академиялык жетишкендиктерди, чыгармачылык ийгиликтерди, коомдук активдүүлүктү жана үй-бүлөнүн материалдык абалын эске алган каржылык жардам жана арзандатуулардын өнүккөн тутуму иштейт. Мунун аркасында миңдеген студенттер аймактагы эң мыкты университеттердин биринде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.