БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Никита Носов: “Бул сапар мен үчүн жөн гана билим берүү программасы эмес, маанилүү жеке жана кесиптик бурулуш учур болду”

3 июля 2026

Март айынын аягында биз Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин (БААУ) “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин студенти Никита Носов тууралуу айтып бергенбиз. Ал Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын (HTP) “Dive Into Silicon Valley” эл аралык программасынын жеңүүчүсү болгон. Бул жеңиш ага Кремний өрөөнүнө барууга жана өзүнүн стартабын тааныштырууга мүмкүнчүлүк берди. Никита бул сапар тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берет:


– 2026-жылдын 8-апрелинен 30-апрелине чейин мен Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы тарабынан уюштурулган «Dive into Silicon Valley» программасына катыштым. 8-апрелде биз АКШга, Кремний өрөөнүнө учуп келип, Сан-Францисконун жанындагы Пало-Альто шаарында жашадык. Сапардын башкы максаты – Кремний өрөөнүнүн технологиялык жана стартап чөйрөсүнө аралашуу, күчтүү адистерден, ишкерлерден, инвесторлордон жана менторлордон билим алуу, ошондой эле инновациялар рыногунун ички түзүлүшүн түшүнүү болду.

Программа эки негизги бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгү билим берүүгө багытталды: эртең менен бизге спикерлер жана менторлор келип, ишкердик, инвестициялар, программалоо, стартаптарды ишке киргизүү, каржылоону тартуу, эл аралык рынокко чыгуу жана технологиялык компанияларды куруу боюнча лекцияларды жана воркшопторду өткөрүп жатышты. Алар теория менен гана чектелбестен, практикалык деталдар менен да бөлүшүштү: кантип кеңири масштабда ойлонуу керек, инвесторлор менен кантип сүйлөшүү зарыл, өнүмдү кантип түзүү, экзитке (бизнестен чыгууга) кантип даярдануу жана атаандаштык чөйрөдө кантип иштөө керектигин үйрөтүштү.

Программанын экинчи бөлүгү көбүрөөк өз алдынчалыкты талап кылды. Биз ар кандай иш-чараларга өзүбүз барып, индустриянын өкүлдөрү менен тааныштык, жолугушууларга, нетворкинг-окуяларга жана хакатондорго катыштык. Мен Сан-Францискодо өткөн хакатонго катыштым, анда 52 команда бар эле, биздин команда 5-орунду ээледи. Бул мен үчүн маанилүү тажрыйба болду, себеби Кыргызстандан барган балдар Кремний өрөөнүнүн катышуучулары менен бирдей деңгээлде атаандаша аларын көрдүм. Биз көндүмдөр боюнча алардан эч кем калышпайбыз, ал эми кээ бир нерселерде натыйжага жетүүгө көбүрөөк умтулуп, иштөөгө даярбыз.

Бул сапардан алган эң башкы жыйынтыгым – ой жүгүртүүнүн масштабындагы айырмачылык болду. Бизде көбүнчө миңдеген долларлар жана чакан рыноктор жөнүндө ойлонушса, Кремний өрөөнүндө адамдар дароо миллиондогон колдонуучулар, миллиондогон долларлар жана глобалдык рыноктор тууралуу ойлонушат. Ал жакта чоң максаттардан жана амбициялуу идеялардан тартынышпайт. Тескерисинче, бул норма катары эсептелет. Адамдар идеяларын ачык талкуулап, бири-бирин колдошот, байланыштары менен бөлүшүшөт жана сындаганга шашылышпайт. Ал жерде дээрлик эч кандай айыптоо жок: идея канчалык таң калыштуу угулбасын, ага кызыгуу менен мамиле кылышат, анткени эртең кайсы идея кезектеги чоң стартапка айланарын эч ким билбейт.

Бул атмосфера мага абдан чоң таасир калтырды. Мен ачыктык, нетворкинг, өзүнө болгон ишеним жана глобалдык масштабда ой жүгүртүү канчалык маанилүү экенин түшүндүм. Кремний өрөөнүндө жаш курак, жерлигиң же макам анчалык деле чоң роль ойнобойт: эгерде сенде идея, энергия жана иштөөгө каалоо болсо, сени менен тең ата сүйлөшүүгө даяр. Мен технологиялык чөйрөнүн адамдары менен тааныштым, алардын айрымдары менен ушул күнгө чейин байланышып, кызматташып келебиз.

Бишкекке кайтып келгенден кийин, алган тажрыйбамды иш жүзүндө колдоно баштадым жана жаңы стартап ачтым. Учурда биз AI Native компаниялардын үстүндө иштеп жатабыз жана Кремний өрөөнүндөгү адамдар менен өз ара аракеттенип жаткан учурубуз. Бул сапар мен үчүн жөн гана билим берүү программасы эмес, маанилүү жеке жана кесиптик бурулуш учур болду: мен кайсы багытта өнүгүүнү каалаарымды, азыркы учурда кайсы тренддер маанилүү экенин, эл аралык технологиялык компаниялар кантип куруларын жана чоң нерсени жаратууну каалаган адамдын ой жүгүртүүсү кандай болушу керектигин жакшыраак түшүндүм.

 

<< Назад к списку