БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун Нарын жана Каракол шаарларында көчмө кабыл алуу сынактары

30 июня 2026

Борбордук Азиядагы Америка университети бакалавр программаларына Нарын жана Каракол шаарларында көчмө кабыл алуу сынактары өткөрүлөрү тууралуу маалымдайт.

Англис тилинин деңгээли жакшы болгон лицейлердин, колледждердин жана университеттердин, ошондой эле 11 жылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрүн чакырабыз.

 

Сынактар акысыз бекер өткөрүлөт! 


БААУга окууга тапшыруу үчүн 3 бөлүктөн турган AUCA Admission Exam сынагы тапшырылат:

  • Англис тилинен тест – English Language Proficiency Test (ELPT) – 80 мүнөт
  • Мектеп программасы боюнча математикадан тест – 60 мүнөт
  • Англис тилинде дилбаян – 60 мүнөт
     

Кабыл алуу сынактарынын жүгүртмөсү:
Ишемби, 11-июль 2026-жыл, Нарын шаары
9:00 – БААУнун кабыл алуу сынактары
Сынак өтүүчү жай: Гранд Хан-Тенгри мейманканасы, Жусупов көчөсү 2/2, конференц зал “Асман”
 
Жекшемби, 12-июль 2026-жыл, Каракол шаары
9:00 – БААУнун кабыл алуу сынактары
Сынак өтүүчү жай: Конференц-зал, “MADANUR” мейманканасы, Токтогул көчөсү 201.
 
Эсиңизде болсун, Сиз БААУнун көчмө кабыл алуу сынактарын бир гана жолу жана бир гана шаардан тапшыра аласыз.
Аны кайра БААУга келгенден кийин тапшырууга болот.

Тесттерге биздин веб-сайттан даярданууга болот:  
https://auca.kg/en/auca_exams_prepare/

Сураныч, БААУнун көчмө кабыл алуу сынактарын бир гана жолу жана бир гана шаарда тапшыра аларыңызды эске алыңыз.
Тесттерге биздин веб-сайттан даярдансаңыз болот: https://auca.kg/en/auca_exams_prepare/.

Англис тили, математика жана дилбаян тесттеринин минималдуу өткөрүү упайларын сайттан көрүүгө болот: https://auca.kg/en/auca_exams_scoring/.

БААУнун кабыл алуу сынактарын тапшыруу үчүн эмнелер талап кылынат?

  • Паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү
  • Аттестаттын/дипломдун көчүрмөсү же акыркы класста окуп жатканыңызды тастыктаган мектептен (колледжден, лицейден) сүрөтү жана мөөрү бар маалымкат
  • Ак фондогу 1 даана 3x4 см өлчөмүндөгү түстүү сүрөт
  • Калем сап, карандаш, өчүргүч


*Өзүңүз менен бирге суусундуктарды жана жеңил тамак-аш ала келүүңүздү сунуштайбыз – математикадан кийин чакан тыныгуу каралган.


Кошумча маалымат алуу үчүн Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин Студенттерди кабыл алуу кеңсесине кайрылыңыз: Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, G20 кабинети.
Бишкек ш., Кыргыз Республикасы
Электрондук почта: admissions@auca.kg 
Сурап-билүү үчүн: +996 312 915 000 (407, 409)
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
https://t.me/AdmissionsAUCA 


Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18
finaid@auca.kg 

<< Назад к списку