БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун Ош жана Манас шаарларындагы көчмө кабыл алуу сынактары

29 июня 2026

Борбордук Азиядагы Америкалык университети Манас жана Ош шаарларында бакалавриат программаларына көчмө кабыл алуу сынактарын өткөрүлөрүн жарыялайт.

Англис тилин жакшы билген лицейлердин, колледждердин, университеттердин жана 11 жылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү чакырылат.

Сынактар акысыз өткөрүлөт!

БААУга тапшыруу үчүн үч бөлүктөн турган AUCA Admission Exam кабыл алуу сынактары тапшырылат:

  • Англис тили боюнча тест – English Language Proficiency Test (ELPT) – 80 мүнөт
  • Мектеп программасы боюнча математикадан тест – 60 мүнөт
  • Англис тилинде дилбаян – 60 мүнөт


Кабыл алуу сынактарынын жүгүртмөсү:

Дүйшөмбү, 2026-жылдын 6-июлу, Манас ш.
11:00 – БААУнун кабыл алуу сынактары
Өткөрүлүүчү орду: Билимкана-Жалал-Абад, Могол, 19


Шейшемби, 2026-жылдын 7-июлу, Ош ш.
8:30 – БААУнун кабыл алуу сынактары
Өткөрүлүүчү орду: Ош гуманитардык-педагогикалык институту, Түштүк-Чыгыш кичи району, Исанов көчөсү, 73


Сураныч, БААУнун көчмө кабыл алуу сынактарын бир гана жолу жана бир гана шаарда тапшыра аларыңызды эске алыңыз.


Тесттерге биздин веб-сайттан даярдансаңыз болот: https://auca.kg/en/auca_exams_prepare/

Англис тили, математика жана дилбаян тесттеринин минималдуу өткөрүү балдарын сайттан көрүүгө болот: https://auca.kg/en/auca_exams_scoring/.

БААУнун кабыл алуу сынактарын тапшыруу үчүн эмнелер талап кылынат?

  • Паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү
  • Аттестаттын/дипломдун көчүрмөсү же акыркы класста окуп жатканыңызды тастыктаган мектептен (колледжден, лицейден) сүрөтү жана мөөрү бар маалымкат
  • Ак фондогу 1 даана 3x4 см өлчөмүндөгү түстүү сүрөт
  • Калем сап, карандаш, өчүргүч


*Өзүңүз менен бирге суусундуктарды жана жеңил тамак-аш ала келүүңүздү сунуштайбыз – математикадан кийин чакан тыныгуу каралган.


Кошумча маалымат алуу үчүн Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин Студенттерди кабыл алуу кеңсесине кайрылыңыз: Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, G20 кабинети.

Бишкек ш., Кыргыз Республикасы
Электрондук почта: admissions@auca.kg

Сурап-билүү үчүн: +996 312 915 000 (407, 409)
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
https://t.me/AdmissionsAUCA

Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18
finaid@auca.kg 

<< Назад к списку