БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Кыргыз тили жана адабияты” окуу китебинин бет ачары

19 мая 2026

15-майда БААУнун китепканасында “Кыргыз тили жана адабияты” окуу китебинин бет ачары болуп өттү. Анын автору профессор, филология илимдеринин доктору, БААУнун Жалпы билим берүү программасынын профессору Уулкан Джолдошбековна Камбаралиева эмгектин жаралуу тарыхы, көздөгөн максаттары, башка китептерден айырмасы, түзүмдүк-мазмуундук өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
Бул окуя жөнүндө “TV15 Кыргызстан” телеканалы видеосюжет даярдаган.

<< Назад к списку