БААУнун китепканасында “Кыргыз тили жана адабияты” китебинин бет ачары
18 мая 2026
#библиотека#library#AUCAProfessors#AUCA Library

15-апрелде БААУнун китепканасында “Кыргыз тили жана адабияты” (“Кыргызский язык и литература”) эмгегинин профессор, филология илимдердин доктору, БААУнун жалпы билим берүү программаларынын профессору Уулкан Джолдошбековна Камбаралиева бет ачарын жасады.
Китеп БААУнун Президенттик фондунун гранттык колдоосунун алкагында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин кыргыз тили жана адабиятын окутуу боюнча Программаларынын талаптарына ылайык иштелип чыккан.
Иш-чаранын модератору “Эркин искусстволор жана илимдер” факультетинин жеекчиси, улук окутуучу Данияр Карабаев болду. Ал өз сөзүндө аталган эмгектин тилди үйрөнүүдө жана ЖОЖдордо кыргыз тилин окутууда маанилүүлүгүн белгиледи.
Коноктор менен БААУнун китепканасынын директору Жылдыз Бекбалаева да жылуу учурашты. “Интеграцияланган “Кыргыз тили жана адабияты” окуу китебинин өзгөчөлүктөрү” бет ачарында Уулкан Джолдошбековна эмгектин жаралышы, көздөгөн максаттары, башка окуу куралдарынан айырмачылыктары жана түзүмдүк-мазмуундук өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
Белгилей кетчү нерсе, “Кыргыз тили жана адабияты” республикабыздагы алгачкы интеграцияланган окуу куралы болуп, ал кыргыз тили, адабият, академиялык кат жана расмий жумуш стили боюнча маалыматтарды камтыйт. Интеграциянын бирдиги катары илимде тексттерге басым жасалган принципке шайкеш келе тургандай иштелип чыккан автордук тексттер эсептелет. Китептин материалы студенттердин чыгармачыл ой-жүгүртүүлөрүн активдештирүүгө жана алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталган. Адабияттардагы, кыргыз элинин жана башка элдердин тарыхындагы маалыматтар студенттерде башка маданияттарга карата толеранттуу мамилени калыптандырат жана өз позицияларын дүйнөдө эң маанилүү ыкма катары таанылган академиляык каттын принциптери боюнча билдирүүгө үйрөтөт.
Иш-чаранын жыйынтыгында коноктор кызыктырган суроолорун узатышты жана өз таасирлери менен бөлүшүштү.





