БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун бүтүрүүчүлөрү “Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү” XIV Эл аралык кинофестивалынын лауреаты болушту

12 мая 2026

#tcma

Бишкек – Кечээ жакында жыйынтыкталган КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн “Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү” XIV Эл аралык кинофестивалында БААУнун Телевидение, кино жана медиа искусстволор департаментинин бүтүрүүчүлөрүнүн эмгегин Эл аралык калыстар жогору баалашты. Эки автор өз дипломдук долбоорлору менен жеңүүчүлөрдүн катарына киришти.

Быйыл фестивалда БААУнун Телевидение, кино жана медиа искусстволор департаментинин атынан 4 режиссер айым катышты:
Нурайым Кадыркулова — “Кошумча” оюн тасмасы;
Алина Байтокова — Узак жол” (“Долгий путь”) документалдык тасмасы;
Анжела Шунина — “Кылмышкер(лер)” (“Преступник(и)” кыскаметраждуу тасмасы;
Азем Осмонова — “Шакек” (“Кольцо”) кыскаметраждуу тасмасы.


Фестивалдын жыйынтыгы:
Башкы жетишкендик Нурайым Кадыркулованын (2025-жылдын бүтүрүүчүсү) жеңиши болду. Анын “Кошумча” дипломдук иши абройлуу “Мыкты режиссура” номинациясында мыкты аталды.
Атайын сыйлыкка Алина Байтокова (2024-жылдын бүтүрүүчүсү) арзыды. Анын “Узак жол” документалдык тасмасы “Атайын белгилөө” дипломун алды.

Бүгүнкү күндө “Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы – жаш таланттар үчүн мыкты трамплин. Быйыл өтүнмөлөрдүн саны 900дөн ашкан. Негизги программада биздин бир нече бүтүрүүчүбүздүн катышып гана тимболбостон, ошондой эле жеңишке жетишкендиги БААУнун Телевидение, кино жана медиа искусстволор департаментинин жогорку кесипкөйлүк даярдоо деңгээлининен кабар берет.

 

<< Назад к списку