Кумтөр компаниясы БААУда Экология жана туруктуу өнүктүрүү жаңы факультетин түзүүнү колдоого алды

Кумтөр компаниясы БААУда Экология жана туруктуу өнүктүрүү жаңы факультетин түзүүнү колдоого алды

20 марта 2013

Борбордук Азиядагы Америка Университети(БААУ) жана «Кумтөр» компаниясыжаңы муундагы адистерди даярдоо жана окутуу боюнча биргелешкен долбоорду баштагандыктары жөнүндө билдиришет.  2013-жылы күзүндөБААУда регион үчүн инновациялык «Экология жана туруктуу өнүктүрүү» факультети ачылат. «Кумтөр» компаниясы студенттердин биринчи агымы үчүн жети стипендия берет жана ал да компаниянын колдоосу менен курулуп жаткан БААУнун жаңы кампусунда илимий лаборатория түзүүнү финансылайт.

 

Программа эки багыт – «Коом жана экологиялык саясат», «Жаратылыш ресурстары жана энергетика» боюнча адистерди чыгарат. Окуу программасы БААУнун Туруктуу өнүктүрүү комитети тарабынан белгиленмекчи, анын мүчөлөрүнүн бири - «Кумтөр» компаниясынын өкүлү болот.

 

«Экология жана туруктуу өнүктүрүү» факультетин түзүү Борбордук Азияда экология тармагында адистерди даярдоо зарылдыгынан улам келип чыккан. БААУнун миссиясы да региондун туруктуу өнүктүрүү жолуна өтүүсүн колдоону болжолдойт, ал социалдык, экономикалык жана экологиялык кызыкчылыктарды  тең салмактап турат. Жаңы факультет алар глобалдуу ой жүгүртүшкөн жана алышкан билимдерин Борбордук Азияда колдонушкан жаш лидерлерди окутуу жана тарбиялоо боюнча университеттин милдеттерине идеалдуу төп келет. Факультет жөнүндө кеңири маалымат БААУнун веб-сайтында жеткиликтүү: http://www.auca.kg/en/sustainable_development 

 

«Кумтөр» компаниясы БААУнун жаңы экологиялык факультетинин өнөктөшү болгондугуна сыймыктанат жана бул долбоордун бөлүгү болгонуна кубанычта. Мен факультет экология жана туруктуу өнүктүрүү тармагында адистерди гана даярдабастан, жаш адамдардын жоопкерчилигин да өнүктүрө тургандыгына ишенем. Быйылкы окуу жылында биз студенттерге жети стипендия  беребиз, а мыктыларын стажировкаларга чакырабыз жана алардын кесипкөй өсүүсүн ар тараптуу колддого алабыз», - деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер.

 

Факультеттин деканы Элида Ногойбаева мындай дейт: «Биз быйылкы жылдан баштап студенттерге таптакыр жаңы программаны сунуш кыла ала тургандыгыбызга кубанычтабыз, ал курчап турган чөйрөгө кам көрүүгө окутмакчы. Биз «Кумтөр» биздин өнөктөш болуп калганына ыраазыбыз жана компания студенттерге берген мүмкүнчүлүктөр бизге өз кесибинин кесипкөйлөрүн даярдоого жардам берет деп үмүттөнөбүз».  

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028