БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Round Table: бизнес лидерлердин көзү менен

27 апреля 2026

#SEBA

2026-жылдын 15-апрелинде Organizational Behavior курсунун студенттери профессор Наталья Коростелеванын жетекчилиги астында бизнес-коомчулугунун мыкты өкүлдөрү менен жабык Round Table уюштурушту.

Бир столдо транспорт, консалтинг, каржы жана медицина сыяктуу ар кандай тармактардагы эксперттер чогулушту. Алардын ар бири башкаруу, команданы өнүктүрүү жана ийгиликтүү компанияларды куруу жаатындагы уникалдуу тажрыйбалары менен бөлүштү.

Биздин коноктор (тизме алфавиттик тартипте берилди):

Умед Нарзикулов, алдыңкы лизинг компаниясы болгон Alfa Leasing Plus компаниясынын аткаруучу директору. Умед каржы секторунун өзгөчөлүктөрүн ачты, кардарлар менен иштөө принциптери менен бөлүштү, стратегиялык каржылык чечимдер кантип кабыл алынарын айтып берди.

Аудит жана консалтинг фирмаларынын эл аралык түйүнү болгон Baker Tilly компаниясынын улук менеджери Аскар Рысалиев кесипкөй консалтинг дүйнөсүнө болгон көз карашы, кардарларды тейлөө стандарттары жана бизнесте ишеним кантип курулары боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү.

Yandex компаниясынын корпоративдик такси бөлүмүнүн башчысы Айдарбек Токторбаев. Айдарбек ири бөлүмдү башкаруу тажрыйбасы менен бөлүштү, корпоративдик кардарлар менен иштөө тартибин айтып берди, команданы кантип түзүлөрүн жана ири бизнес бөлүмүн натыйжалуу башкарууда кандай негизги принциптер жатарын айтып берди.

Илья Шипулин, негиздөөчүсү жана ээси, медициналык кызмат көрсөтүү тармагындагы ийгиликтүү бизнестин жаркын үлгүсү болгон “ДА” стоматологиялык клиникасынын негиздөөчүсү жана ээси Эркебүбү Мамбеталиева. Алар кардарларга багытталган кызматты кантип түзүү, чыныгы кесипкөйлөрдүн командасын түзүү жана күн сайын жогорку сапат стандарттарын сактоо жөнүндө айтып беришти.

Сессияда каралган темалар:

  • Бизнести нөлдөн баштап кантип куруу жана кеңейтүү керек
  • Кантип кызматкерлерди мотивациялоо жана күчтүү команданы түзүү керек
  • Лидерлер күн сайын кандай чакырыктарга туш болушат
  • Келечектеги лидер үчүн кандай сапаттар маанилүү
  • Күч-кубаттын жана каалоонун жоголушу менен кантип күрөшүү керек жана жумуш менен жеке жашоонун тең салмактуулугун кантип сактоо керек
  • Реалдуу жашоодогу кейстер, жасалма эмес

Спикерлер ошондой эле абдан маанилүү теманы козгошту: күч-кубаттын жоголушу. Алар жеке өздөрү чарчоо учурларын кантип башынан өткөрүшкөнүн, анын алгачкы белгилерин кантип аныктай турганын жана кандай стратегиялар аларга калыбына келүүгө жана узак мөөнөттүү келечекте натыйжалуу бойдон калууга жардам берерин айтып беришти. Бул студенттер үчүн чыныгы ачылыш болду: көрсө ийгиликтүү лидерлер да ушундай сыноолордон өтөөрү билинди. Демек бул кадыресе көрүнүш.

Белгилей кетсек, чынында баары жандуу жана кызыктуу болду! Спикерлер бизнестеги алгачкы кадамдары, алгачкы каталары жана күтүлбөгөн кырдаалдар жөнүндөгү окуялары менен бөлүшүүдөн коркушпады. Бул өз кезегинде аудиториянын күлкүсүн жаратты. Дал ушундай учурлар жолугушууну жылуу, достук маанайдагы баарлашууга айландырды, мында студенттер менен топ-менеджерлердин ортосунда эч кандай аралыкты сактоо болгон жок.

Бул жөн гана баарлашуу эмес, чыныгы энергия, идеялар жана илхам алмашуу болду. Студенттер окуу китептеринен таба албаган нерселерге ээ болушту десек жаңылышпайбыз: реалдуу жашоо тажрыйбасы, чын жооптор, чын жүрөктөн чыккан эмоциялар жана алдыга жылуу үчүн күчтүү мотивация.

Бардык спикерлерге ачыктыгы, чынчылдыгы жана берилгендиги үчүн чоң рахмат. Ал эми академиялык билимди реалдуу дүйнөдөгү бизнес практикасы менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү үчүн профессор Наталья Коростелевага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Чынында чоң жолду басып өтүп, ийгиликке жеткендерден үйрөнүү баа жеткис.

 
 

 

<< Назад к списку