БААУдагы Жаңы Жыл - Нооруз!

БААУдагы Жаңы Жыл - Нооруз!

15 марта 2013

Биздин университет (БААУ) өткөөл мезгилдин шарапаты менен түзүлбөдүбү. Ал жылдары баары баш аламан эмес беле. Кытайлар бекеринен «өткөөл мезгилге туш бол!» деп каргашпаса керек. Айтканымдай эле өтө оор жылдар эле. Ошону менен бирге бардык башталмалардын, изденүүлөрдүн, жаңылануулардын, жаңылуулардын жылдары болбодубу…

 

Ноорузду Кайра жаралуу доорунда аз-аздан майрамдай баштаганыбыз эсимде. Анда деле анын майрам экенине, Жаңы күн деп, ата-бабабыз жүздөгөн жылдар белгилеп келгендерин тарыхтан билсек деле, ишенип-ишене бербей жүрдүк. Көпчүлүк дитин бербей, мани бербей дегендей… Жеке эле Нооруз эмес, элдик Курман жана Орозо Айттары да ушундай тагдырда болчу.

 

Университте алгачкы жылдары студенттерге сабак учурунда бул майрамдар жөнүндө айтып берүүгө маалыматтар да жокко эссе кези. Ошол жана андан кийинки жылдары тыюу салынган маалыматтар барган сайын булак жарды жарып, атырылып чыккандай тарай баштады.  Көп нерсе бизге жаңылык болду.

 

Университет 1996-97-жылдары Американын майрамдары менен катар Ноорузду белгилей баштадык. Жаңы замандын демине, агымына жаңыча көз караш менен жашай баштаган биздер үчүн бары кызык, бары сонун, баары түгөнгүс эле. Иш болобу, белгиленүүчү майрам болобу - жүрөгүбүз менен күйүп-жанып, делебебиз алып учуп, баарын жаңы күч, жаңы дем, ынтызарлык менен, бир үй-бүлөдөй ынтымактуулук менен, арыбас жаштыктын деми менен, университетке болгон сүйүү менен ишке ашырып өткөрүп келдик. Бара-бара иш-чаралардын масштабы университет менен бирге кеңейе берди, өсө берди. Не бир сонун Нооруздарды тостук!..

 

Эсимде, бир жылы Ноорузду тоскон бардык чыгыш өлкөлөрүнүн студенттери топ-топ болуп, өз өлкөлөрүндө Жаңы күндү кандай тосушарын сахнада биринин артынан бири көрсөтүштү. Ошол күнкү шаң көп жылдар бою унутулбай келди. Кайсы бир студенттердин тобу (түркмөндөр беле?), узун шырык жыгачтын кылда учуна чоң шалы жоолук байлашып, жигитте биринин артынан бири секирип, жоолукту уучтап калууга аракет кылып жатышты. Көргөн көзүмө алигиче ишене албайм! Бир убакта бир студент жигит серпилген жаадай мылгып учуп, баягы жоолукту чапчып түшпөспү! Ошондогу жаштыктын өртүнө, демине, күчүнө, сулуулугуна, чексиздигине таң бергенбиз. Зал ошондо үч көтөрүлдү го!!!

 

Көп жылдар катары менен бардык улуттагы жана чет өлкөлүк студенттер, окутуучулар Ноорузду тосконго түп көтөрүлө катышып, бир чети атаандаштык таризде, бир чети жетине албай кубанышып, көкүрөктөрүн шаттыктын, жаштыктын, толтура күндүн нуру тээп, бир атанын балдарындай белгилеп келдик. Чоң залда университтеттик жамаат шатыра-шатман, уу-дуу, кызыл-тазыл болуп, дасторкон үстү тамакка толуп, кыздар жазды саймалашып…

 

2002-жылкы Нооруз да башка Нооруздан айырмаланып өзгөчө белгиленген. Окуу жайыбыздын бир бүтүрүүчүсүнүн наристесинин Тушоо тою аянтта өткөрүлгөн. Андагы шаңды сурабаңыз!.. Бир жагында жасалгаланган улуттук дасторкон, бир жагында элдик оюндар, бир жагында элдик кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү, бир жагында тушоо той. Көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда дегендей… Ошондогу кесиптештерге чоң ыракмат, алардын көбү азыр бул жерде жок, башка жердин көркүн чыгарып кетишти. Андагы дүрмөт жаныбызды жай таптырбай, быйылкы Ноорузда да бир бүтүрүүчү бактылуу кызыбыздын наристесинин тушоосун кесели деп жатабыз. Эл алдына таланттары таш жаргандар чыгып өнөрлөрүн тартуулайлы деп турушат. Жаш наристенин жолун ачып, батабызды берип, башкаларга ата-бабабыздын бизге мурас кылган жакшы салттарынан бир шиңгил тартуулайлы деп турабыз.

 

Урматтуу университетибиздин чоң-кичине жамааты! өткөндү эстеп тамшана бербей, өзүбүзгө өзүбүз майрам жасайлы. Университетибиздин 20 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлчү Ноорузду колдон-буттан алып, кыргыздын түп көтөрүлө чыга келчү салтын эстеп, окуу жайыбыздын администрациясынын жана «Кыргыз тили» программасынын жамаатынын демилгесин бир туугандай колдоп кетериңиздерге ишенебиз!

 

Башка майрамдарды кыйкырык-сүрөөндөр менен жакшы эле тосуудабыз, аныбыз жакшы дегилечи. Бул өгөйлөгөндүк эмес. Бирок өзүңдү сүйбөсөң жана сыйлабасаң, башканыкына дил бергениң жасалмадай көрүнөт экен. Жаңы Күндү, Жаңы жылды жакшылап тосолу. Балким келечегибиз мындан да жакшы болор!

 

Акматова Азия,

«Кыргыз тили» программасынын доценти

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028