Абанын сапатын жакшыртуу боюнча “Көк Асман” программасы
24 марта 2026
#экология#ecology#AUCAProfessors

Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин Экологиялык туруктуулук жана климатология департаментинин доценти Майрамбек Нургазиев 2026-жылы 19-мартта Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы World People United (WPU) корпорациясы менен биргеликте БААУнун кампусунда күн нурунун батареясынын негизинде иштеген көчө чырактарын орнотушту.
Буга чейин World People United (WPU) корпорациясы абанын сапатын изилдөө үчүн атайын аспаптар менен камсыздап, тезникалык колдоо көргөзгөн болчу. Эми минтип көчө чырактарын берүү менен кезектеги техникалык колдоо көргөзүп атышат. Мунун баары БААУнун Жээнбек Куленбеков атындагы экологиялык лабораториясынын дараметин жогорулатуу үчүн жасалууда десек жаңылышпайбыз.
Күн нурунун батареясынын негизинде иштеген көчө чырактары жана жолго жарык бергичтер билим берүүчүлүк жана изилдөөчүлүк максаттарда, ошондой эле кампуска жарык берүү үчүн пайдаланылат. Бул жарыктандыруу үчүн экологиялык жана экономикалык жактан эффективдүү чечим. Алар жарык берүүчү диоддук технология жана күн баткандан таң атканга чейинки автоматтык режимдин негизинде жогорку ишенимдүүлүктү берип, коопсуздукту жогорулатат жана көмүртектик изди төмөндөтөт.
Абанын сапатын жакшыртуу боюнча “Көк Асман” программасынын алкагында келечекте шаардык инфратүзүм жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында Кыргызстандын шаарларында күн нурунун батареясынын негизинде иштөөчү көчө чырактарын жана жолго жарык бергичтерди орнотуу пландаштырылган.





