БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

КРнын Улуттук илимдер академиясынын архивдеринде жана Кол жазмалар фондунда практикалык сабак

26 февраля 2026

#библиотека#library#LAS#китепкана#Свободные искусства и науки

“Book History” жана “Digital Archives” курсунун студенттери архивдик фонддор менен практикалык таанышуусунун алкагында февралдын ортосунда өлкөнүн маанилүү архивдик мекемелеринде болушту - Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви, Кыргыз Республикасынын кинофотофонодокументтер архиви жана КРнын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фонду. Көчмө сабактар БААУнун Китепканасы тарабынан “Эркин искусстволор жана илимдер” факультети менен биргеликте уюштурулган.

Аталган сабактар учурунда студенттер архивдердин ишмердүүлүгү жана архивдик документтер менен иштөө тартиби менен таанышышты.

КРнын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинде студенттер визуалдык жана аудиодокументтер менен иштөө өзгөчөлүктөрүн көрүп билишти. Архивдин кызматкерлери документтердин кантип архивге түшүүсү, кантип классификациялануусу жана сакталышы тууралуу айтып беришти. Өзгөчө басым архивдин фонддоруна кантип жетүүсүнө жана изилдөөчүлөр тарабынан материалдарды издөө боюнча жумуштар кантип алып барылуусуна жасалды. Студенттер архивдин илимий-сурамжылоочулук аппараты менен, анын ичинде каталогдор жана жазмалар менен таанышышты. Алар фотодокументтердин сүрөттөмөсү кино- жана фонодокументтерден эмнеси менен айырмаланарын билишти. Ошондой эле үндөрдү сактоочу жайда болушуп, аудиожазуулар кантип сакталарын көрүштү.

КРнын Борбордук мамлекеттик архивинде студенттер Кыргызстандагы архивдик иштин тарыхы менен таанышып, фонддордун түзүлүшү тууралуу билишти. Окуу залы менен документтер сакталуучу жайга баш багышты. Мындан тышкары документтерди санариптештирүү процессине күбө болуп, санариптештирүү учурунда жаралган кыйынчылыктардан маалымат алышты. Сапардын аягында студенттер изилдөөчүлөр менен иштөө бөлүмүндө болуп, документтерди аныктоого өтүнмөлөрдү түзүү тартиби менен таанышышты.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институтуна болгон сапар да чоң кызыгууну жаратты. Мында студенттер кол жазмалар фондунда болуп, уникалдуу документтер менен таанышышты. Фонддун өзгөчөлүгү анда мазмууну жактан элдик оозеки чыгармачылыкка таандык болгон материалдардын сакталгандыгында болуп саналат.

Студенттер фонддор сакталчу жайда болуп, “Манас” эпосунун алгачкы жазууларын көрүштү. Каюм Мифтаков, Ыбырай Абдрахманов жана башка көрүнүктүү окумуштуулар тарабынан чогултулган Сагымбай Орозбаковдун вариантынын жазууларын. Ошондой эле алар ар кандай жылдарга таандык араб, латын жана кириллица тилдеринде жазылган кол жазма документтер менен таанышышты. Жазылып алынган “Манас” эпосунун жана башка чакан эпостордун жазуулары ушул күнгө чейин толук иликтене электиги белгиленди.

Мындан тышкары студенттер тарыхий документтерге таандык фонддор менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Анда илимий конференциялардын отчеттору жана жеке архивдер камтылган. Фонддун кызматкерлери да фонддун санариптештирүү процесси кантип ишке ашырылып жаткандыгы жана https://manuscript.bizdin.kg/ сайтынын ишмердүүлүгү тууралуу кеп салышты. Аталган сайттан кээ бир материалдарды табууга болот.

Жолугушуунун аягында студенттер фонддун ишмердүүлүгү тууралуу кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Белгилей кетсек, көчмө сабактар студенттерге иш жүзүндө архивдердин ишин көрүү, документтерди издөө жана сактоо процессин түшүнүү, теориялык билимдерди практикалык изилдөөчүлүк ишмердүүлүк менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүктөрүн берет.

 

 

<< Назад к списку