Нарын жана Караколдо көчмө кабыл алуу сынактары
25 февраля 2026

Борбордук Азиядагы Америка университети бакалавриат программаларына Нарын жана Каракол шаарларында көчмө кабыл алуу сынактарын уюштуруп жаткандыгы тууралуу маалымдайт. Лицей, колледж жана унвиерситеттердин, ошондой эле англис тилинин деңгээли жакшы богон 11 жылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү чакырылат.
Сынак акысыз бекер өткөрүлөт!
БААУга окууга өтүү үчүн 3 бөлүктөн турган AUCA Admission Exam сынагы тапшырылат:
- Англис тилинен тест – English Language Proficiency Test (ELPT) – 80 мүнөт
- Мектеп программасы боюнча англис тилинен тест - 60 мүнөт
- Англис тилинде дилбаян жазуу - 60 мүнөт
Кабыл алуу сынактарынын жүгүртмөсү:
Ишемби, 7-март 2026-жыл, Нарын шаары
9:00 – БААУнун кабыл алуу сынактары
Сынак өтүүчү жай: Билимкана Нарын мектеби, Молдоев көчөсү 172
Жекшемби, 8-март 2026-жыл, Каракол шаары
9:00 - БААУнун кабыл алуу сынактары
Сынак өтүүчү жай: “MADANUR” мейманканасынын конференц-залы, Токтогул көчөсү 201.
Тесттерге биздин веб-сайттан даярданууга болот: https://auca.kg/en/auca_exams_prepare/.
Англис тили, математика жана дилбаян боюнча минималдык өтмө упайларын сайттан көрүп алыңыз: https://auca.kg/en/auca_exams_scoring/.
БААУнун кабыл алуу сынактарын тапшыруу үчүн эмнелер керек?
- Паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү
- Аттестат/дипломдун көчүрмөсү же сиздин лицей же колледждин бүтүрүүчү класста билим алып жаткандыгыңызды тастыктаган сүрөт чапталып, мөөр басылган билдирме.
- Ак фондо 3х4 өлчөмүндө 1 түстүү сүрөт
- Ручка, карандаш, өчүргүч
*Өзүңүз менен кошо жеңил тамак жана суу алып келүү сунушталат - дилбаян жазуудан кийин чакан тыныгуу каралган.
Кошумча маалымат алуу үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетине кайрылыңыз: Студенттерди кабыл алуу кеңсеси, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, кабинет G20
Бишкек, Кыргыз Республикасы
E-mail: admissions@auca.kg
Сурап-билүү үчүн телефон: +996 312 915 000 (407, 409)