БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Ала-Тоо: Жоголуп бараткан мөңгүлөрдүн изи менен” документалдык тасмасынын бет ачары

24 февраля 2026

 

БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору каалоочулардын баарын документалдык экологиялык тасма - Борбордук Азиядагы мөңгүлөрдүн эрүүсү тууралуу иликтөөгө арналган “Ала-Тоо: Жоголуп бараткан мөңгүлөрдүн изи менен” тасмасынын бет ачарына чакырат. Тасма тартуулангандан кийин эксперттер, мамлекеттик органдар, Эл аралык уюмдардын катышуусунда талкуу орун алмакчы.
Келиңиздер жана өзүңүз менен кошо кесиптеш, дос жана мектеп окуучуларын чакырып ээрчите келиңиздер.

26-февраль 2026-жыл |  16:00 – 18:00  |  БААУ, Конференц-зал (4-кабат)
 
Кызыккандардын баарына кирүү акысыз.
 
Иш-чара орус тилинде өткөрүлөт.


 
Шилтеме аркылуу катталуу зарыл: https://goo.su/CwxEl 


 
Иш-чаранын катышуучулары – БААУ жана башка окуу жайлардын студенттери жана профессорлору, эксперттер, экологдор, КРнын мамлекеттик органдарынын, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү. Алардын арасында кыргызстандык жана казакстандык эксперттер жана тасманын авторлору бар.

Иш-чаранын уюштуруучулары жана өнөктөштөрү: Европа Биримдигинин колдоосу менен Internews, PROclimate.kg коомдук фонду, Turantv.kz, БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору.

Тасма Бишкек жана Алматынын журналисттери менен биргеликте даярдалган жана эки өлкө үчүн жалпы болгон экологиялык чакырыктарды көтөрөт. Тасма 2025-жылы Европа Биримдигинин колдоосу астында Internews тарабынан “Аудиториянын туруктуу бекемдүүлүгүн тастыкталган маалыматтардын негизинде жогорулатуу” (CARAVAN) долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Тасма Борбордук Азиядагы курч экологиялык көйгөйлөрдүн бири болгон мөңгүлөрдүн тездик менен эрүүсү жана алардын миллиондогон адамдарга тийгизген таасирлерине арналган журналисттик иликтөө болуп эсептелет.

Эмгектин чордонунда илимий маалыматтар гана эмес, ошондой эле баяндар бар:

  • Илимдин үнү - көп жылдык байкоолорду жүргүзүп келген гляциолог-окумуштуулар;
  • Коргоочулардын үнү - өзгөчө кырдаалдарда жардам берүү кызматынын кызматкерлери ири шаарлар үчүн суу ташкындарынын алдын-алуу боюнча күнүмдүк иш-аракеттерин көрсөтүшөт;
  • Жапа чеккендердин үнү - 2015-жылы кыйратуучу суу ташкынын башынан өткөргөн Алматынын тургундары менен кургакчылыктын айынан өз үйлөрүн таштап кеткен кыргызстандык климаттык мигранттар жеке окуялары менен бөлүшөт;
  • Эксперттер менен активисттердин үнү - Казакстан менен Кыргызстандын алдыңкы экологдору кеңири тараган мифтерди жокко чыгарып, көнүшүү жана аймактык кызматташуу боюнча жолдорду сунушташат.


Тасма Эл аралык экологиялык көйгөйдүн кантип суу жана азык-түлүк коопсуздугуна, социалдык стабилдүүлүккө, гендердик теңдикке жана адам укуктарын ишке ашыруунун курчап турган жагымдуу айлана-чөйрөгө түздөн-түз таасир этүүсүн ачык көрсөтүп берет.
Иш-чаранын максаты - маданий иш-чара болуп гана тим болбостон, Эл аралык баарлашуу үчүн аянтча болуу. Уюштуруучулар дипломатиялык корпустун, Эл аралык уюмдардын, мамлекеттик түзүмдөр менен жарандык коомдун Борбордук Азиядагы оор кырдаалга көңүлүн бурууга жана ошондой эле БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында күч-аракеттерди бириктирүүгө умтулушат.
Иш-чаранын программасы: https://drive.google.com/file/d/1ymeUpxIUe9qowmeVsddseeOsNI_lFYtz/view?usp=sharing

<< Назад к списку