БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Март айында БААУнун студенти бол!

19 февраля 2026

БААУга март айында окууга өтүү? Ооба бул толук ыктымал! Кыргызстандын көптөгөн башка окуу жайларына салыштырмалуу түрдө БААУнун кабыл алуу сынактары бир кыйла эрте башталат. Быйыл алгачкы сынак 1-мартта орун алат. Аны ийгиликтүү тапшыруу менен сиз окууга кабыл алынасыз. Андан кийин сиз мектеп сынактары менен тесттерди, ошондой эле ЖРТны тапшырууга даярданууга көңүл бөлө аласыз. БААУда билим алуу үчүн орто билим тууралуу аттестат жана ЖРТны тапшыргандыгы тууралуу сертификат сөзсүз керектелет. Эске салсак, ЖРТнын Алтын сертификаты биздин окуу жайда акысыз бекер билим алуу укугун камсыздап берет.

Эгер кабыл алуу сынактарын биринчи аракеттен тапшыра албай калсаңыз, анда эч нерсе эмес, - сизде кайрадан өз күчүңүздү сынап көрүү мүмкүнчүлүгү болот. БААУда сынактар бир нече агымдар менен өтүп, алардын ар биринде экиден сынак каралган. Сиз ар бир агымга катыша аласыз. Жүгүртмө сайтта жеткиликтүү: https://applyonline.auca.kg/. 

Кээ бир абитуриенттер жетишээрлик деңгээлде даярдыгы жок болсо, анда сынак тапшырууга аракет кылып көрүү маанисиз деп эсептейт. Чынында окууга тапшыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап көрүү максатка ылайык болот. Биринчи сынакка катышуу менен сиз тажрыйба топтоп, экинчи сынакка психологиялык жактан жакшы даяр болосуз. Бул жакшы натйыжага жетишүүгө жардам берет. Мындан тышкары эгер сиз үч бөлүктөн турган сынактын бирин ийгиликтүү тапшырсаңыз, кайра тапшыруу учурунда аны дагы тапшыруу керектелбейт.
Жакынкы күндөрү БААУда окууга тапшырып жаткандар үчүн бир катар маанилүү иш-чаралар өтөт.

Жекшемби, 22-февралда мектеп окуучулары үчүн математика боюнча Олимпиада орун алат. Сизде ага катталып, катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Жеңүүчү билим алуу үчүн 100% арзандатууга ээ болот. Кенен маалымат:
https://auca.kg/ru/auca_news/6889/.

Гуманитардык илимдерге кызыккан абитуриенттер европалык реалдуулуктур боюнча билимди текшерген “Виктория” сынагына катыша алышат. Сынактын жеңүүчүсү “LAS Европа таануу” багыты боюнча билим алууга 100% арзандатууга ээ болот. Сынакка каттоо 12-мартка чейин уланып, сынактын өзү 15-мартта өтөт. Кененирээк: https://auca.kg/ru/auca_news/6893/.

<< Назад к списку