Бишкектеги эмпатия лабораториясы
28 ноября 2025

14-ноябрда Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин (AUCA) аудиториялары No Hate Lab аттуу өзгөчө «лабораторияга» айланды. Бул жерде зериктирген лекциялар окулбастан, коомдук эксперименттер өткөрүлдү: алып баруучулар «эмпатия системасын» ишке киргизишти, стендап-комик өзүнүн жеке окуяларын айтып берди, катышуучулар болсо TikTok-челлендждердин жана мем-баттлдардын дүйнөсүнө сүңгүп киришти. Башкы максат — юмор жана ирония онлайн-агрессияга каршы эффективдүү каражат боло аларын көрсөтүү.
Стендап-блок иш-чаранын эмоционалдык борборуна айланды. Стендап-комик мини-спектакль форматында социалдык тармактардагы хейт менен кандай кагылышканын жана тамаша менен зыяндуу жүрүм-турумдун ортосундагы чек араны кантип издегенин айтып берди. Анын окуясы жөнөкөй чындыкты ачыктады: «бул жөн эле тамаша» деген фраза көп учурда токсикалык жүрүм-турумду актай турган калканга айланып кетет.
Андан кийин катышуучулар Delete Hate.exe, Hate Detox жана My friend is not weird, he’s original аттуу TikTok-челлендждеринин алкагында видеолорду жаратууга өтүштү. Терс жагдайларды креативдин булагына айлантып, алар күлкү адамдарды бөлбөстөн, бириктире аларын көрсөтүштү. Финалдык аккорд — мем-баттл болду: жалпылай экранда реалдуу убакыт режиминде студенттердин стереотиптерди жана буллингди курч жана тамашалуу ыкма менен чагылдырган эмгектери көрсөтүлдү. Бул раунддагы жеңилдик жана азарт маселеге башкача көз караш менен кароого жардам берди — коркуу аркылуу эмес, аң-сезим жана өз ара түшүнүшүү аркылуу.
No Hate Lab бириктирүүгө багытталган юмор жек көрүүнү нейтралдаштыра алаарын көрсөттү. Бул эксперимент коопсуз санариптик чөйрөнү түзүүгө жасалган маанилүү кадам болду — бул жерде тамашалар жаралабастан, айыктырууга жардам берет.
.png)


