БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Социология” факультети

23 июля 2025

Факультет социология тармагында адистерди даярдап, сандык жана сапаттык изилдөө ыкмаларын үйрөтөт. Студенттер ар кандай илимий жана практикалык изилдөөлөргө, жыл сайын өтүүчү социологиялык конференцияларга жана башка коомдук иш-чараларга катышат. Факультет социалдык теңсиздик, үй-бүлө жана гендер, асоциалдык жүрүм-турум, ааламдашуу жана миграция, экономика жана саясат боюнча бир катар курстарды сунуштайт.

Мындан тышкары факультет SPSS жана MAXQDA сыяктуу статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуучу заманбап программалар менен иштөөнү үйрөтөт. Өз кезегинде бул бүтүрүүчүнүн дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуу бекем болуусун камсыздайт.

Факультет кабыл алуу сынактарында эң жогорку уапйга ээ болгон абитуриентке билим алууга 100% арзандатуу тартуулайт.

Бүтүрүүчүлөрдүн көп бөлүгү Кыргызстан жана Борбордук Азиянын алдыңкы Эл аралык уюмдарында жумушка орношушкан. Ошондой эле магистрдик жана доктордук билим алууларын Европа менен Америкада ийгиликтүү улантышууда.

Социология факультетин тандоо менен бирге сиз кызыктуу жана ийгиликтүү карьерага кадам жасайсыз. Университет сапаттуу билим жана уникалдуу мүмүнчулүктөрдү гана эмес, ошондой эле сиздин ар бир жолуңузда колдоону сунуштайт. БААУ – бул Эл аралык стандарттардын деңгээлинде билим алуу гана эмес, ошондой эле окуудан тышкаркы кызыктуу жашоо, дүйнөнүн булуң-бурчтарынан келген теңтуштар менен баарлашуу.

Толук маалымат: https://auca.kg/ru/soc_dept_home/ 

Электрондук почта: soc@auca.kg 

Окууга тапшыруу маселелери боюнча кайрылсаңыз болот:

‪+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg 

https://t.me/AdmissionsAUCA 

Каржылык колдоо:

‪+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg 

<< Назад к списку