Data Scientist деңгээлине жетүү: Еркебулан Аскарбековдун баяны
18 июля 2025
The Tech маалыматтык сайты БААУнун 2023-жылкы бүтүрүүчүсү Еркебулан Аскарбеков менен маекти жарыялады.
Макалада Еркебулан Data Science`да кантип кадам сайын карьера курганын, кандай кыйынчылыктарга кабылганын, баарлашуулардан кантип өткөнүн жана жаттап алган аныктамаларга караганда чынчылдык менен билимге умтулуучулук эмне үчүн маанилүүрөөк экенин айтып берген.
Өзү тууралуу
Мен математикалык базага жана ананалитикалык системаларды куруу, машиналык окутуу, AI жана процесстерди автоматташтыруу жаатында тажрыйбага ээ Data Scientist болот. Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америкалык университетин “Колдонмо математика жана ифнорматика” адистиги боюнча аяктагам. Аталган окуу жайга USCAEF программасынын негизинде өткөм жана ал менин окуу акымдын чыгымдарын төлөп берген.
IT тармагына мен мектеп кезинде эле математика жана программалоого кызыгуунун арты менен келгем. Ошол кезде программалык камсыздоонун негиздерин иликтечүмүн. Университетте Python жана маалыматтардын анализи жана машиналык окутуу менен терең алектене баштадым. Бүгүнкү күндө MDigital компаниясында Data Scientist болуп эмгектенем. ML/AI үлгүлөрдү жаратуу жана интеграциялоого катышам. Параллель түрдө INAI университетинде Data Science боюнча сабак берип, студенттерге бул тармактын негиздерин окутам.
IT тармагындагы алгачкы жумуш жөнүндө
Өзүмдүн алгачкы кесипкөйлүк практикамды 2022-жылы Бишкекте Орусиянын илимдер академиясынын илимий-изилдөөчүлүк станциясында өткөм. Анда мен 22 жашта элем жана 3-курстун студенти болчумун. Бул көбүрөөк илимий жана IT менен аралаш позиция болуп, Data Science жана Data Engineering менен байланышы бар эле. Мен MATLAB`дан Python`го илимий эсептерди көчүрчүмүн. Мындан тышкары эксперименттерде колдонулчу скрипттерди лабораториялык жабдуулар менен интеграциялап, маалыматтарды иштеп чыгууну автоматташтыргам. Бул мен үчүн командада иштөө боюнча алгачжы тажрыйба болгон. Мейли изилдөөчүлүк болсо да.
2023-жылы окуу жайды бүтүргөндөн кийин менде алгачкы коммерциялык тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгү жаралды - жергиликтүү ритейл-компанияга маалыматтардын аналитиги кызматына жумушка орноштум. Ал жакта маалыматтарды сактоочу DWH системасын иштеп чыгуу жана жайылтууга катыштым. Ошондой эле бизнесте өзүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүн билүүнү камсыздаган BI-отчеттуулук боюнча иштедим.
Бирок ошол эле жылы муну менен чектелип калбастан, АКШда (Вашингтон, Колумбия аймагы) тажрыйба арттыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Ал жакта мен климаттык тобокелчиликтерди анализдөө менен байланышкан долбоорлорго катыштым, ML жана AI`ды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдедим. Ошондой эле аларды аналитиктер менен эксперттер үчүн системаларга жайылтууга жардамдаштым. Анын арасында Бүткүл дүйнөлүк банктын отчетторуна таандык маселелелер да бар.
Жыйынтыктап айтканда, менин кесибимдеги алгачкы кадамдарым төмөнкүчө калыптанды: илимий чөйрө менен автоматизациядан тарта ритейл жана бизнес-аналитика аркылуу маалыматтар менен ML үлгүлөрүн пайдалануу менен тобокелчиликтерди баалоо боюнча Эл аралык долбоорлорго катышууга чейин. Бул кесибимди баштоо үчүн жакшы жана ар тараптуу түрткү болуп берди.
Окуу боюнча тажрыйба арттырууга мен менин окуу жайымдын илимий станция менен өнөктөштүгүнүн арты менен жетиштим. Андыктан мында чоң маселе жаралган жок - бул окуунун алкагында күтүлгөн кадам болду. Ал эми карьералык квалификациямды жогорулатууга багытталган тажрыйба арттырууну мен качандыр-бир кезде БААУда билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген уюмдардын гранттарынын негизинде алдым. Бул грант мага Вашингтондо программадан өтүүнү камсыздап берди жана мен ушинтип АКШга бет алдым.
Менин алгачкы коммерциялык тажрыйбама келсек, бул жерде баары жөнөкөй - Entry Level позициясына бош жумуш орундарын издедим. Анткени ал маалыматтар менен байланыштуу болуп, окууну аяктагандан кийин убакытты текке кетирбестен, АКШда тажрыйба арттыруунун алдында кесибим боюнча өнүгүүнү самадым. Андан соң күзүндө ага сапар алдым. Жалпысынан айтканда, бул кадамдардын баары мен үчүн сапарымдын логикалык уландысы болчу. Себеби алган билимдеримди реалдуу жумушта көрсөтүү үчүн.
Эл аралык тажрыйба арттырууда да, жергиликтүү компанияларда да баарлашуулар болжол менен бирдей болуп, эки баскычтан турчу. Биринчи баскыч - бул сенин ийкемдүүлүгүн (soft skills) болуп, командада иштөө жөндөмүң текшерилип, жалпы тажрыйба жана ыкмалар жөнүндө сурашат. Мындай баарлашуулар учурунда менде эч кандай маселе жаралчу эмес, анткени мен ар дайым баарын болгондой айтып, өз жолум менен көз-карашымды түшүндүрүп берчүмүн.
Экинчи баскыч - көбүнчө техникалык болуп, тесттик тапшырмалар орун алат. Же дароо жеринде чеип бересиң же аларды аткаруу үчүн кандайдыр-бир мөөнөт берилет. Бул бөлүк үчүн ар дайым даяр туруу керек, бирок мен бардык түшүнүктөрдү, синтаксисти жана башка майда-чүйдөлөрдү так билүү шарт эмес деп эсептейм. Жеке мен жөн гана билимдерди эмес, а концепциялардын мааниси менен логикасын эсте тутуп калууга аракет кылам. Албетте практика эч качан ашыкча болбойт, ошентсе да мезгил-мезгили менен кайталап турууга аракет жасайм.
Мисалы маалыматтардын чөйрөсүн алсак, күтүлгөн суроолордун баары дээрлик Python тууралуу - бул эми маалыматтар менен иштөө үчүн милдеттүү нерсе (must have). Ошондой эле программалоо, маалыматтар базасы жана алардын түзүмдөрү тууралуу көп сурашат. Кээде сенин кандай долбоор боюнча баарлашууга баргандыгыңдан көз каранды түрдө спецификалык суроолор туура келип калуусу толук ыктымал.
Колдонмо математика жана информатика боюнча профилдик билим берүү мен үчүн маалыматтар менен байланышкан бардык маселелерде бекем негиз болуп калды. Математик катары ойлонуу жана процесстердин логикасын көрө билүү жумушта пайда болгон маселелерди ичинен түшүнүүгө жардам берет.
Бирок албетте жеке сапаттар тууралуу да унутуп болбойт. Өзгөчө баары тез өнүккөн, жаңы технологиялар пайда болуп жаткан биздин мезгилде баарына жетишип калуу абзел. Мында мага менин билимге болгон кызыгуум бүгүнкү күнгө чеийн жардам берип келет.
Анан албетте өзүм үчүн чынчылдык менен ачыктыкты белгилеп кетмекчимин - бул сапаттар мага жумуш издеп жүргөндө баарлашууларда абдан жакшы жардам берчү. Жеке мен өзүңдүн да жумуш берүүчүнүн да убактысын кетирбестен, колуңдан эмне келерин жана кайсы тармакта тажрыйбаң аз экенин ачык болгонун болгондой айтып берүү туура деп эсептейм. Менимче бул мен үчүн да компания үчүн да чоң артыкчылык.
Кыйынчылыктар тууралуу
Кыйынчылыктар болбой койгон жок албетте. Жада калса тажрыйба артырууга жетишүү үчүн да билимдер талап кылынат. Өзгөчө биздин доордо. Менде да баарлашууларымды ийгилик коштобогон учурлар болгон. Кээ бир учурларда жөн гана билимим же тажрыйбам жетпей калса, айрым учурларда жолум болбой калчу. Анткени жумуш берүүчүлөрдө жумушка кабыл алуу процесси жакшы эмес тартипте уюштурулуп калган учурлар да кездешет.
Жалпысынан мындай абал IT тармагында кадимки көрүнүш деп эсептейм. Кыйынчылыктар кандай ыкмаларды өнүктүрүү керек экендигин көрсөтөт жана баш тартууларды жакшы кабыл алууну үйрөтөт.
Кандай гана учур болбосун мен кер байланышты үзбөөгө аракет кылчумун. Анткени мен учүн маанилүүсү - алсыз жагымды аныктоо жана эмнемди өнүктүрүүнү билүү. Чынын айтсам, менин кызматымдан баш тарткан учурларда эч качан санаага батчу эмесмин. Анткени мен IT тармагында жумушка алуу процесси кээде логикага жатпай калуусун жана баары сенден көз каранды болбосун билчүмүн.
Айтор мен ордумда токтоп туруп калбастан, өз алдымча билим алууну улантып, кезектеги бааралшууга мурункудан бир аз болсо да жакшы даярдыкта барууга аракеттенчүмүн. Ошондой эле рынокту иликтеп, баарлашууда көп узатылган суроолорго кантип жакшы жооп берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырчумун.
Жыйынтыктап айтканда, колуңду түшүрүп, багынып туруп калбастан, тескерисинче ар бир баш тартууну билимиңди бекемдеп, өнүгүү үчүн себеп катары көрчүмүн. Анан да убакыт өткөн сайын ишенимиң артып, жумушка орношуу процесси тажрыйба экенин түшүнүп жетесиң. Ал сага келечекте чоң жардам берет.
Жумушумда кеңири тараган кыйынчылыктар орун алды - акклиматизация. Жаңы орунга келгенде башында жат атмосфера, бөтөн процесстер, башка адамдар кезигип, ыңгайсыздык сезими жаралбай койбойт. Бул нормалдуу көрүнүш. Башкысы - кесиптештер менен тил табышуу жана алар менен жакшы мамиле түзүү. Менде бул боюнча маселе жаралбай, жаңы шартка тез арада эле көнүшүп кетчүмүн.
Эгер кандайдыр-бир техникалык кыйынчылыктар тууралу кеп козгосок, анда мындай: эгер билим же тажрыйбам жетпесе, мен тартынбастан эле кесиптештеримден же ал жаатта компетенттүү адамдардан сурачумун. Менимче бир нече саат кыйналып, кандайдыр-бир нерсени табууга аракет кылганга караганда сурап билип алуу жакшы. Андыктан баары башында кыйын сезилген, бирок убакыттын өтүшү менен баары баарлашуу жана ачыктыктын негизинде чечилди - баса бул мен үчүн маанилүү тыянактардын бири.
IT тармагында жумуш табууну каалаган жаш адистер үчүн 3 кеңеш
Рet-долбоорлорду өнүктүргүлө жана аларды GitHub`да портфолио катары алып баргыла. Бул силердин ыкмаңардын практикалык тастыкталуусу. Эгер жумуш берүүчүлөргө көрсөтүү каалоосу же ишеними болбосо да, бул сен үчүн чоң жетишкендик. Чыныгы иштин алдында каалаган тажрыйба реалдуу маселелелерге аралашып кетүүгө жардам берет.
Долбоорлордун үстүндө башкалар менен бирге иштегиле жана кесиптик байланыштарды арттыргыла. Кеп командалык иш жөнүндө гана эмес, нетворкинг тууралуу болуп жатат. Адатта дал IT жана башка тармактарда таанышуулар аркылуу жаңы мүмкүнчүлүктөр жана бош орундар ачылат.
Байланышуудан жана катага жол берүүдөн коркпогула. Көбү жумуш издөөнү баштоого “идеалдуу учурду” көп күтүшөт. Чынында күтүп отурууга караганда жасап жана чалынып көрүү артык. Дал ушундай аракеттердин артынан тажрыйба топтолот - техникалык жана жөн гана адамдык.