Манхэттен менен Бишкектин ортосунда. Нью-Йоркто жашаган Азиза Намазбекованын баяны
14 мая 2025
24.kg маалыматтык порталында БААУнун студенти Азиза Намазбекванын маеги жарык көрдү. Макаланын автору – Салия Хурова.
Азиза Намазбекова дүйнөнүн эң популярдуу шаары Нью-Йоркто окуп жашап келет. Ал күн сайын Times Square аянтынан өтөт, Broadway көчөсүндөгү спектаклдерге барып турат, шаарды өзүнүн беш колундай билет жана белгилүү америкалык “Ушакчы” сериалынын каарманына айланган. Бийкеч 24.kg агенттигине Манхэттендин борборундагы жумушу менен Бишкектеги онлайн билим алуусун кантип айкалыштырып жатканын жана ошондой эле өз жашоосунда кантип кыргыз салттарын сактап келе жаткандыгы тууралуу маек курган.
— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.
— Менин атым - Азиза, 23 жаштамын. Мен күнөстүү Бишкек шаарында туулуп-өскөм. №33 мектеп-гимназиясында жана Шубин атындагы музыкалык мектебинде окугам. Эки окуу жайды тең артыкчылык менен аяктап, жакшы арзандатуу менен БААУнун “Бизнес администрациялоо” факультетине окууга тапшыргам. Мектеп кезинен эле активдүү жана демилгечил болчумун. Мүмкүн болгон бардык программаларга өтүнмө берчүмүн, социалдык долбоорлорду жазчумун, ыктыярчылык менен көп алектенгем. Университетте Enactus ишкерлик мектебине жана Flex ыктыярчылар клубуна катышып, окуудан тышкаркы ишмердүүлүгүмдү уланттым.
Апам тил билүү маанилүү экенин жана англис тили дүйнөнү көрүүгө жардам бере турганын айтчу. Ал байкем экөөбүздүн билим алуубуз үчүн бардык шарттарды түзүп берчү. Андыктан эмгеги, ишеним артуусу жана ар тараптан колдоосу үчүн апама абдан ыраазымын. Биз татыктуу адам болуп чоңоюшубуз үчүн бүт күч-аракетин жумшады. Мен үчүн англис тили дүйнөнүн эшигин ачты! АКШда англис тилинен сабак берип жүрдүм, иш-чараларда котормочу болдум. Ошондой эле Blockchain Life 2023 Эл аралык форумунун котормочусу катары Дубайга барып келгем. Алмашуу программасынын негизинде Лиллдеги IESEG School of Management окуу жайында окуп келдим. Учурда Нью-Йоркто жашайм жана миллиондордун кыялы болгон шаарды багынтуудамын.
Азиза апасы менен
— Эмне менен алектенесиз?
— Мен жергиликтүү компанияда bookkeeper (бухгалтер) кызматын аркалайм. Жөнөкөй тил менен айтканда, компаниянын каржыларына жооптумун: бардык киреше жана чыгымдардын эсебин чыгарам, документтердин тартибин сактоого жардам берем жана жетекчилик үчүн отчетторду жасайм.
Баса, алгач мен аларда Кыргызстанда туруп онлайн түрүндө ассистент кызматында иштегем. Андан соң АКШга учуп келип, оффлайн түрүндө ассистент эмес, а толук кандуу bookkeeping specialist кызматкер катары иштеп баштадым. Мен эмгектенген компания AHT Inc. деп аталат жана Манхэттендин борборунда Лонг-Айленд районунда жайгашкан. Биз объектилер жана бизнес борборлорду гидрошаймандар менен жабдуу менен алектенебиз. Кардарларыбыздын арасында World Trade Center, Paramount Building, World Financial Center сыяктуу ири компаниялар бар. Жумуш менен параллель түрдө мен БААУда окуйм жана буюрса быйыл аяктайм. Андыктан академиялык максаттарымды пландаштыруу жана магистратураны тандоо менен алекмин.
Кеңседе жумуш үстүндө
— Чет өлкөдө жашоонун баарынан да эмнеси жагат? Ал эми тескерисинче эмнеси кыйынчылык жаратат?
— Мага Нью-Йорктун ар түркүндүүлүгү жагат. Шаар абдан жаркын жана шаңдуу. Ушуга байланыштуу адамдары да жаркын, эркин жана ачык-айрым болушат. Бул шаар эч качан уктабайт жана сени зериктирип койбойт. Адамдардын өзүн көрсөтүүсү, көчөдө комплимент айтуусу, ар дайым жылмаюусу жана каалаган ыңгайлуу учурда баарлашууга даяр туруусу жагат. Ошол эле учурда шаарда адамдар жайнайт жана алар шашып турушат. Жумуш жана күнүмдүк иштер менен алек болуп, жеке жана инсандык өнүгүүңө басым жасайсың. Мага эркиндик жана ар дайым өсүү сезими жагат. Сен тынымсыз бир нерселерди үйрөнүп турасың: ар кандай маданияттар, адамдар менен таанышасың, дүйнө таанымыңды кеңейтесиң. Бул шыктандырат жана дем-күч берет. Жакындарыңдын жана досторуңдун алыста болгондугу кыйынчылык жаратат. Кээде жакындарыңды кучактап, жаныңда болгуң келет, бирок миңдеген чакырымдар бөлүп турат. Албетте технологиялар байланышта болууга жардам берет, бирок жакындарың менен жандуу баарлашууну эч нерсе алмаштыра албайт. Анын үстүнө убакыттагы айырмачылыктардан улам сүйлөшүү убактысы да чектелүү жана баарына ыңгайлуу боло бербейт.
Дагы бир кыйынчылык - бул жалгыздык сезими. Мен бул жагдайга кабылгам, өзгөчө чет өлкөдө жашаган биринчи жылы. Киийнчерээк албетте чет элдиктер менен таанышып, жаңы досторду таптым. Алар менен карым-катнашта болуп келем. Ошентсе да үйүңдөн алыста жүргөндө баары бир сенин кайдан чыкканыңды билген, ким экениңди түшүнгөн адамдар менен баарлашуу жетишпейт. Мына ушундай учурларда сени менен тамырлаш жана баалуулуктары окшош коомчулуктун бир бөлүгү болуу канчалык маанилүү экенин аңдап-сезесиң. Дүйнө жүзү боюнча өткөн БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушууларынан улам менде өз досторумдун чөйрөсү калыптанды. Бир тилде сүйлөгөн адамдардан турган чөйрө. Түз мааниде жана образдуу түрдө айтканда. Биз алар менен байланышты үйзбөйбүз, кез-кези менен жолугушуп турабыз, тажрыйбаларыбыз менен бөлүшөбүз, бири-бирибизди шыктандырабыз жана оор күндөрдө көмөктөшөбүз. Чынында бул абдан баалуу - сен кайда жүрбөсөң да, сени түшүнгөн жана оор жолду бирге басып өтүүгө даяр болгон адамдардын бар экенин билүү.
БУУнун штаб-квартирасында
— Жергиликтүү жашоо Кыргызстандан эмнеси менен айырмаланат?
— Кыргызстанда салыштырмалуу түрдө убакыт кененирээк. Адамдарда жолугушуулар, жакындары менен чай ичүүгө, узак убакыт сүйлөшүүгө убактысы бар. Нью-Йоркто баары жогорку ылдамдыкта - баары кайсы бир жакка шашып баратышкан, баарында пландар, дедлайндар жана жолугушуулар. Жада калса бул жакта түштөнүүнү да чуркап баратып жасайсың, ал эми үйүңдө түштөнүү бул жолугушуу үчүн себеп. Нью-Йорк кыймылдуу болууга, көнүшүүгө, өсүүгө үйрөтөт. Кыргызстан болсо куч-кубаттуулуктун жайы, анда шашпоого жана өз-ара аракеттенишүүнүн жылуулугун сезүүгө болот.
Анан да баарлашуу маданияты айырмаланат. Кыргызстанда адамдар ачык, жылуу, оңой баарлашышат. Тааныш болбосоң да жардам берүүгө даяр. Нью-Йоркто адамдар жабык, ар ким өз иши менен алек, бирок сенин жеке мейкиндигиңе түшүнүү менен мамиле жасашат.
Анан албетте тамак-ашы! Мен тамак-аштардын өзүн эмес, а этти сагындым. Анткени чыныгы таза эт Кыргызстанда гана деп ишенем! Даам, жыт жана сапаты жагынан мыкты этти башка жактан табуу кыйын. Чет өлкөдө тамак жасасаң, баары бир айырмасы билинет - эти башкача болуп чыгат. Бизде шоро суусундугу, курут, аш жана лагмандардын баары сатылат. Болгону кайдан алууну билиш керек. Бул тууралуу силер менин инстаграм баракчамдан билип алсаңар болот: @azizanmm.
— Нью-Йоркто жактырган жайларыңыз барбы?
Нью-Йорк — маданияттардын, маанайлардын жана ыргактардын микси жана анын магиясы мына ушунда. Мага бул жактагы ар бир адамдын өзүнүн “жактырган Нью-Йорку” бар экени жагат. Жеке мен Dumbo деп аталган Бруклиндеги районда сейилдегенди жактырам. Ал жакта Манхэттен кооз көрүнөт, өзгөчө күн баткан кезде. Анан да Bryant Park жагат. Анда жөн гана көчө музыканттарын угуу, атмосферадан рахат алуунун өзү кызыктуу. Бул сейил бак шаардын борборунда жайгашкандыктан, мен ал жакка кечки тамактануу үчүн баш бакканды жактырам. Ызы-чуудан рахат алып, мексикалык ашкананын тамактарынан даам сызуу үчүн. Эгер тынчтыкты жана табиятты кааласам, анда Central Park сейил багына жөнөйм. Бул жай чынында абдан чоң жана эки жыл аралыгында мен аны толугу менен айланып чыга элекмин. Дем алыш күндөрү жергиликтүү кофейняларга баш багып, музей жана китепканаларды иликтегенди жактырам. Мага New York Public Library китепканасы жагат. Ал жакта убакытты пайдалуу өткөргөндөн кийин чатырына чыгып, шаарды үстүнөн көргүм келет. Кээде мен өзүм менен кошо ноутбугумду алып, кафелердин биринде иштейм. Бул эффективдүүлүк менен абалды алмашуунун идеалдуу айкалышы. Ошондой эле шайтан араба менен Гудзон дарыясын бойлой саякаттаганды жактырам. Мында укмуштуудай көрүнүштөр ачылат.
Бош убактымда активдүүлүк менен эс алууну тең салмактоого аракет кылам. Мен 9дан 5ке чейин иштейм. Андыктан убактымдын көп бөлүгү жумушка кетет. Бирок концерт жана көргөзмөлөргө барып, эс алганга аракет кылам. Нью-Йоркто ар кандай иш-чаралар көп болуп турат. Бродвей шоулары абдан кызыктуу, көрүүнү сунуштайм. Кээде жөн гана досторубуз менен чогулуп, даамдуу тамак жасап, кино көрүү менен эс алабыз. Жалпысынан Нью-Йоркто шыктануу өтө жеңил - шаар ар дайым кыймылда жана сен бул драйвды сиңирип турасың!
— Үйдөн алыста сизди эмне шыктандырат жана дем-күч берет?
— Мени өсүү, жаңы нерселерди жасап көрүү жана кылямдагы жашоону куруу каалоосу шыктандырат. Ар бир таңда мен өзүмө бул жакка эмне үчүн келгенимди эскертип турам жана ал мага алга жылуу үчүн ишеним тартуулайт. Шаардын өзү кубаттуу энергетикага ээ. Кээде мурда телевизордон көргөн жерлерди кыдырып сейилдөөнү аңдап-сезүүдөн гана укмуштуудай энергия аласың.
Ошондой эле мага үй-бүлөм абдан чоң дем-күч берет. Өзгөчө Мыскал эжем. Ал мага эгер кааласаң сен президент да боло аласың деп көп айтат. Мындай колдоо, ишеним жана сүйүү сенин алга жылышыңа болуп көрбөгөндөй түрткү берет. Менин чакан жеңиштерим да мага шыктануу тартуулайт: кандайдыр-бир жаңы нерселерди жасоонун үстүнөн чыкканда, пайдалуу таанышууларды ишке ашырганыңда, көздөгөн максатыңа жеткенде. Мунун баары менин туура багытта баратканымдан кабар берет.
Азиза жана анын эжекеси Мыскал
— Кыргызстанды сагынасызбы?
— Албетте. Баарынан да үйдө болуу сезимин абдан сагынам: шаардын каалаган жеринен тоолордун көрүнүп туруусу, көлдүн шаңдуу үнү, жаңы бышкан нандын жыты, жакындарың менен жыргап чай ичүү жана бөбөктөрдүн күлкүсү. Кыргызстанда баары жакын жана жылуу сезилет - адамдар, жаратылыш, жашоонун ыргагы. Кээде жөн гана сыртка чыгып, кечээ эле жолуккан таанышың менен сырдашып кобурашуу жетишпейт. Жакындарым менен досторумду сагынам - эч бир видео чалуулар чыныгы жолугушуулардын ордун баса албайт. Ушул нерселер мен кайда болбоюн мени артка кылчаюуга түртөт.
Мен үйүмдү эске салган жана туруктуулук сезимин берген салттарды сактоого аракет кылам. Мисалы чай ичип отуруу - жада калса Нью-Йоркто да чай ичип чогулуп отурууну уюштурам. Бул шаардын ыргагынан аз да болсо алаксууга жардам берет. Өзгөчө чоң энем жасап бергендей чайга сүт кошуп ичүү кандай гана керемет! Улууларга жана конокторго сый-урмат менен мамиле жасоого аракет кылам. Менин үйүмө келген коноктун өзүн өз үйүндөгүдөй сезүүсү маанилүү. Бул биздин маданияттын бир бөлүгү жана мен аны жоготпогонго аракет кылам.
— Келечекке пландарыңыз кандай?
— Азыр мага чет өлкөдө жашоо, өсүү, дүйнө таануу, тажрыйба топтоо кызык - бул мага өнүгүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө. Бирок жан дүйнөмдүн түпкүрүндө Кыргызстанга болгон жылуу сезимим бар. Канчалык алыс болбоюн үйүм менен байланышта болгонду кааларымды билем. Мен үчүн идеалдуу вариант - ар кандай өлкөлөрдө иштеп, жакындарым менен убакыт өткөрүү үчүн Кыргызстанга такай келип туруу десем жаңылышпайм. Балким күндөрдүн биринде биротоло кайтып келүүнү чечем? Азырынча так айта албайм. Бирок анык билгеним Кыргызстан - бул менин таянычым жана ага кайтуу ар дайым кубанычтуу.
— Чет өлкөдө жашоону кыялданып жаткандарга кеп-кеңешиңиз?
— Жакшы окуп, өнүгүүгө аракет кылгыла деп айтпайм, анктени бүгүнкү күндө чет өлкөдө иштеп жашагысы келгендер үчүн бул милдеттүү нерсе. Биз билим берүү бааланган жана бүт ааламга эшик ачакан мезгилде жашап жатабыз. Андыктан убакыт, ресурс жана күчтү толугу менен билим берүүгө арноо зарыл. Жакшысы мен өзгөрүүлөргө даяр туруу кеңешин берем - сырткы жана ички өзгөрүүлөргө. Чет жакта жашоо - бул оңой эмес, бирок өзүңдү башка жагыңдан билип алууга жардам бере турган укмуштуудай саякат. Жаңы адамдарга, маданияттарга, көз-караштарга даяр болгула жана ошол эле учурда өз иденттүүлүгүңөрдү жоготпогула. Кайдан экениңерди жана силерге кандай баалуулуктар жакын экени дайыма эсиңерде болсун. Мындай саякатта ыңгайлуулук аймагынан чыгуудан коркпогула.
Башында коркунучтуу болуп, өзүңөрдү жалгыз сезип, көнүмүш эмес туюлушу мүмкүн, бирок дал ушундай учурларда өнүгүү болот. Анан албетте баарын эмне үчүн баштаганыңарды унутпагыла - өз максаттарыңар менен кыялдарыңарга ар дайым кайтып келгиле. Бул кыйын кезде күч берет. Мен кыялдануу абдан маанилүү экенин такай айтып келем, себеби кыялдар орундалат. Андыктан кыялдангыла жана болгондо да кыялыңар чоң болсун!
Сүрөттөрдүн баары Азиза Намазбекованын жеке архивинен алынды.