12R Fest`ке карай 2 экоэксперимент: пластикалык бөтөлкөлөрдүн капкактарын жана кофелердин ZIP-пакеттерин чогултабыз

12R Fest`ке карай 2 экоэксперимент: пластикалык бөтөлкөлөрдүн капкактарын жана кофелердин ZIP-пакеттерин чогултабыз

8 апреля 2025

12R Fest`ке карай 2 экоэксперимент: пластикалык бөтөлкөлөрдүн капкактарын жана кофелердин ZIP-пакеттерин чогултабыз

Баарыңыздарды 2 кызыктуу экологиялык экспериментке катышып, аны ишке ашырууга жардам берүүгө чакырабыз. Биз пластикалык бөтөлкөлөрдүн капкактарын жана кофелердин ZIP-пакеттерин чогултуу тууралуу жарыялайбыз. Мындан тышкары чай, чипсы, шоколад, балмуздак жана кир жуучу каражаттардын калың пакеттерин да жыйнайбыз.

Жыйноонун милдеттүү шарттары:

  • Бардык упаковкалар жана капкактар таза (калдыктарсыз) жана кургак болуусу шарт!
  • Биз капкак менен упаковкаларды канчалык көп чогултсак, жыйынтык ошончолук кызыктуу болот!

Бөтөлкөлөрдүн капкактары жана калың пакеттер / каптамалар / zip-упаковкалар үчүн эки баштык 2-кабаттагы VendShop автоматынын жанында орнотулган.

 

Чогулган “таштандыларды” кайра иштетүү үчүн эки уюмга тапшырабыз жана алардын ордуна кайра иш жүзүндө колдонулчу өзгөчө буюмдарды алабыз! Капкактар менен пакеттерден эмнелерди жасоого мүмкүн экенин көрүп сиз абдан таң каласыз))

Эксперименттин жана биздин биргелешкен иш-аракеттерибиздин жыйынтыгын сиз 26-апрелде БААУда өтчү 12R Fest экофестивалында көрө аласыз. Фестивалды БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору Жашыл БААУ программасынын алкагында уюштурууда. Иш-чаранын программасын камтыган анонстор жакынкы күндөрү маалымдалат.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028