19 марта 2025
БААУда 13-14-мартта китепкана фондуларын консервациялоо жана реставрациялоо боюнча семинар болуп өттү. Аны БААУнун китепканасы уюштуруп, анда насаатчылык милдетти Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын консервациялоо, реставрациялоо жана мукабалоо кызматынын кызматкерлери аркалашты. 14-март жума күнү коноктор БААУнун президенти Тимоти О'Коннор менен жолугушту.
Казакстан Республикасынын Консервациялоо, реставрациялоо жана мукабалоо кызматынын жетекчиси Аида Шоманова БААУнун президентине семинар, анын максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берди. Ал кызыктуу эки тараптуу пикир алмашуу орун алганын белгиледи. Ошондой эле Аида Муратовна алардын борбору китепканалар ассоциациясынын консервациялоо жана реставрациялоо боюнча Эл аралык федерациянын (IFLA/PAC) аймактык борбору болуп саналарын билдирди.
БААУнун китепканасынын директору Жылдыз Бекбалаева семинар абдан жигердүү болгонун баса белгилеп, анын катышуучулары алынган билимдерди практика жүзүндө бышыктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айтты. Мындан тышкары семинар КРнын Улуттук илимдер академиясы жана Улуттук китепканасы сыяктуу бир катар мекемелердин китепканачыларынын башын бириктирип, тажрыйба алмашууга жана күн тартибиндеги көйгөйлөрдү талкуулоого шарт түзүп берди.
Өз кезегинде БААУнун президенти Тимоти О'Коннор документтерди сактоо боюнча иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, китепканачылар менен архивчилердин документтерди жана кол жазмаларды сактоо иш-аракеттерисиз изилдөөчүлүк иш жүргүзүү мүмкүн эмес экенин эскерте кетти.
Жолугушуу учурунда ошондой эле кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланбай койгон жок. Алардын бири – БААУнун алкагында реставрациялык устакананы жаратуу. Тилекке каршы Кыргызстанда документтерди реставрациялоо боюнча систематикалык иштер алып барылбайт жана бул тармакта даяр адистердин жетишсиздиги байкалат. Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасы менен кызматташуу мындай ажырымды жокко чыгарууга өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун аягында анын катышуучулары эстелик белектери менен алмашышты.
Кошумчалай кетсек, жолугушууга катышкандардын арасында Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын консервациялоо, реставрациялоо жана мукабалоо кызматынын илимий лабораториясынын консерватору (биолог) Мадина Нурмат, реставраторлору Мадина Биболова жана Гульнара Узынжасовалар болду.