Математика боюнча Олимпиаданын жыйынтыгы

Математика боюнча Олимпиаданын жыйынтыгы

6 марта 2025

Өткөн жекшембиде БААУда 9-10-11-класстардын мектеп окуучулары үчүн математика боюнча Олимпиада орун алды. Математикалык олимпиадалар биздин окуу жайда 2012-жылдан тарта өткөрүлүп, бул жолкусу эсеби боюнча он экинчиси болду. Уюштуруу жана өткөрүү иштерин БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” департаменти жана БААУнун Инновациялык колледжи ыктыярчы студенттерди тартуу менен колго алышты.

Биринчи турдун алдында Олимпиаданын катышуучуларына “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин жетекчиси Сергей Николаевич Скляр жылуу салам айтты. Ал Олимпиаданын өтүү тартибин, эрежелерин жана экинчи турга тандоо шарттарын айтып берди.

Быйыл Олимпиадага 119 окуучу катыштып, алардын ичинен 44ү 9-класстардын окуучулары болсо, 75и 10-11-класстардын окуучуларын түздү. Сынак 2 турдан турду. Биринчи (тандап алуу) баскычында ар кандай татаалдыктагы 20 маселе сунушталып, ал тесттик режимде өткөрүлдү. Биринчи турдун жыйынтыгында экинчи турдун катышуучулары тандалып алынды (10-11-класстардын 22 окуучусу жана 9-класстын 14 окуучусу). Белгилей кетсек, буга чейинки сынактагыдай эле бул турда да салтка айланган “multiple choice” тестинен айырмаланып, “open answer” системасы колдонулду. “Оpen answer” системасы маселенин жообун кокусунан тандоодо нөлдүк ыктымалдуулукка ээ. Ал эми экинчи турда жетишерлик даражада 15 татаал маселе берилди. Алардын чечмелениши математик окутуучулар тарабынан кылдат текшерилди. Эки турда тең математикалык маселелер менен катар логикалык да маселелердин болушу Олимпиаданын өзгөчөлүгүн түздү. Бардык материалдар англис, кыргыз жана орус тилдеринде даярдалып, окуучуларда тилди тандоо мүмкүнчүлүгү болду. Биринчи турда маселелерди аткарууга 1 саат 45 мүнөт берилсе, экинчи турда мындай убакыт 1 саат 30 мүнөттү түздү. Олимпиаданын жыйынтыгын чыгарууда эки турдун тең натыйжалары эске алынды.

Турлардын ортосунда Олимпиаданын катышуучулары үчүн “Колдонмо математика жана информатика” департаментинин студенттери жана Инновациялык колледждин окутуучулары тарабынан “Колдонмо математика жана информатика” программасынын жана Инновациялык колледждин айрым программаалары боюнча бет ачар тартууланды. Ошондой эле биздин университет тууралуу бир кошумча маалымат да көрсөтүлдү.

Олимпиаданын жыйынтыгы ошол эле күнү кечке жуук чыгарылды. Сыйлоо салтанатына БААУнун президенти Тимоти О’Коннор катышты. Ал математиканын көптөгөн илимдердин негизи катары маанисин белгилеп, катышуучулардын даярдыгынын жогорку деңгээлин белгиледи жана жеңүүчүлөр келечекте билим алуусун БААУда “Колдонмо математика жана информатика” багыты боюнча улантат деген тилегин билдирди. Президент бардык катышуучуларды куттуктап, андан-ары ийгиликтерди каалады.

Бардык финалчылар сертификаттар жана балуу белектер менен сыйланышты. Белектердин арасында “Колдонмо математика жана информатика” департаментинин окутуучулары тарабынан жазылган китептер да болду.

Катышуучуулардын баары аналитикалык жана логикалык ой-жүгүртүүнүн жогорку деңгээлин, ошондой эле орто мектептерде окутулчу ар кандай математикалык сабактар боюнча терең билимдерин көрсөтүштү.

Олимпиаданын жыйынтыгында БААУда билим алуу үчүн арзандатууга ээ болгондор:

1. Эркинбеков Азамат – 100%

2. Кенжегулов Акниет – 90%

3. Сопубеков Медер – 80%

Олимпиаданын жыйынтыгында БААУнун Инновациялык колледжинде билим алуу үчүн арзандатууга ээ болгондор:

1. Елистратов Даниил – 70%

2. Байсулдаев Байхан – 60%

3. Садыков Алибек – 50%

Атайын сыйлыкка Аруке Омушева менен Акнай Айдарбековалар арзышты.

Окууга арзандатуу Олимпиаданын жеңүүчүлөрү быйыл БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” (11-класс) же Инновациялык колледжге (9-класс) тапшырган учурда гана жарактуу болмокчу. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү кабыл алуу сынактарынан бошотулат.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана күзүндө 1-курстун студенти катары көрөбүз деген үмүттөбүз!

 

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028