Математика боюнча Олимпиада

Математика боюнча Олимпиада

18 февраля 2025

БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” факультети жана Инновациялык колледжи 9-11-класстардын бардык кызыкдар окуучуларын жыл сайын өтүүчү жазгы математикалык олимпиадага катышууга чакырат.

 

Олимпиада БААУнун имаратында 2025-жылдын 2-мартында өткөрүлөт.

 

Олимпиаданын байге ээлерине жана финалына чыккан катышуучуларга сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылат.

11-класстардын арасында жеңүүчу аталган, экинчи орунду камсыздаган жана үчүнчү байгелүү орунду ээлеген окуучулар БААУга “Колдонмо математика жана информатика” адистиги боюнча окууга тапшырышса, анда аларга тиешелүү түрдө 100%, 90% жана 80%  арзандатуулар берилет.

 

Ушул сыяктуу эле Инновациялык колледж да 9-класстардын арасында алгачкы үч орунду камсыздаган окуучуларга тиешелүү түрдө 70%, 60% жана 50% арзандатуу жасап бермекчи.

 

Маселелердин мисалдары:

1-турдун маселелери жооптору менен: https://auca.kg/uploads/Math/Contest/1%20тур%20-задачи-2024%20ответы.pdf

9-класстар үчүн 2-турдун маселелери жооптору менен: https://auca.kg/uploads/Math/Contest/2%20тур-2024%209%20класс%20ответы.pdf

10-11-класстар үчүн 2-турдун маселелери жооптору менен: https://auca.kg/uploads/Math/Contest/2%20тур-2024%2011%20класс%20ответы.pdf

 

Олимпиадага каттоо 27-февралда кечки саат 23:59да токтотулат.

 

Каттоодон өтүү үчүн бул шилтеме аркылуу кириңиз: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSe7ma5upi4OiFdU_Sj1DKktYi5XMnM9QIJD6ZKIJOXJUtgxOA/viewform 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028