12 февраля 2025
Өткөн ишемби, 8-февралда БААУда Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул күнү кампуста конокто эки миңге жакын абитуриент жана алардын ата-энелери болушту.
Кампустун кире беришинде ыктыярчылар иш-чаранын конокторун кубанычтуу жана энергиялуу сүрөөндөр, маалыматтык баракчалары бар баштыктар менен тосуп алышты. Коноктордо университеттин имараты менен таанышуу үчүн кампус-турду же биринчи кабатта жайгашкан факультеттердин жарманкеси менен билим берүү программаларын тандоо мүмкүнчүлүгү жаралды. Мында кабыл алуу сынактары, окууга тапшыруу шарттары, окутуу программалары, каржылык колдоо жана башкалар тууралуу билип алуу мүмкүн эле. Жарманкеде Жаңы муун академиясы, Инновациялык колледж, БААУнун Мейкерспейси тартууланды. Экинчи кабатта коноктор университеттин окуудан тыршкаркы жашоосу менен таанышышты: студенттик клубдар университетте өтүп жаткан кызыктуу окуялар жана өз ишмердүүлүктөрү жөнүндө айтып беришти.
Расмий бөлүк учурунда конокторго БААУнун президенти Тимоти О'Коннор кайрылды. Ал БААУдагы билим берүү принциптери, анын башка ЖОЖдордон айырмасы тууралуу айтып, окутуу процессинде коюлган милдеттерге кантип жетишилип жаткандыгы, студенттерде кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендиги жөнүндө маалымат берди.
“БААУ – бул колдогон, шыктандырган жана багыт берген коомчулук. Бул студенттер өлкөнүн эгемендүүлүгүн кубаттаган жана VUCA ааламына жөн гана ыңгайлашпастан, а ошондой эле өлкөнүн келечегин калыптандырган улуттук лидердерге айланган жай”,- деп баса белгиледи Тимоти О'Коннор. БААУнун президентинин сүйлөгөн сөзүнүн толук версиясы менен бул жерден таанышууга болот.
Андан соң окутуу программаларынын маалыматтык сессиялары башталды. Алар бир учурда форумда, конференц-залда жана аудиторияларда өткөрүлдү. Факультеттердин жетекчилери, студенттер программаларга окууга тапшыруу өзгөчөлүктөрү, окутуу процесси, студенттердин алмашуу программалары, бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери жөнүндө айтып беришти. Жүгүртмө абитуриенттердин ар кандай факультеттердин сессияларына катышып, кызыктырган маалыматтарын алуусу үчүн ыңгайлуу таризде түзүлдү.
Ошол эле учурда БААУнун Мейкерспейсинде боз үйдү тигүү боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Ал эми жыйынтыктоочу сессияда TOEFL ELPT сынап көрүү тестин тапшыруу мүмкүн болду.
Күн студенттик “Миррорс” театрынын өнөр көрсөтүүсү менен жыйынтыкталды. Анда бет ачары Студенттикке арноо салтанатында орун алган “Кичинекей ханзаада” спектакли коюлду.