11 февраля 2025
#Тимоти О’Коннор#Президент#день открытых дверей#President#openhouse
8-февралда БААУда Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Иш-чаранын ачылыш аземинде БААУнун президенти Тимоти О'Коннор сөз сүйлөдү:
Урматтуу болочок студенттер, ата-энелер жана кымбаттуу коноктор!
Борбордук Азиядагы Америка университетине кош келиңиздер! Бүгүн сиздерде университетибиздин жашоосуна сүңгүп кирип, анын атмосферасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Андыктан БААУда эсте кала турган көңүлдүү күн өткөрөсүздөр деген үмүттөмүн!
Мен адегенде ата-энелерге кайрылгым келет. Сизердин алдыңыздарда маанилүү тандоолордун бири турат: балаңызды кайда окууга жөнөтүү, ал кандай чөйрөдө жылдарын өткөрөт, кандай билимдер менен баалуулуктарды алат. Мындай тандоо VUCA деп сүрөттөлгөн учурдагы туруксуздук, белгисиздик, татаал жана эки ажырымдуулук ааламын эске алганда өзгөчө кыйын десек жаңылышпайбыз. Ошого байланыштуу мындай өзгөрүүлөр агымында кандайдыр-бир таянычтын сакталышы абдан маанилүү.
Дал ошондуктан биз Борбордук Азиядагы Америка университетин белгисиздик океанында туруктуу арал кылуу үчүн баарын жасоого умтулуудабыз. Биздин окуу жай белгисиздик менен тирешүүгө туруштук берүүгө, ийкемдүүлүк жана мезгилдин чакырыктарына ылайык өзгөрүү жөндөмүнүн негизинде сакталып калууга жөндөмдүү.
Студенттер сапаттуу билим алуу менен гана чектелбестен, ошондой эле жергиликтүү жана глобалдык чакырыктарды кабыл алууну үйрөнүшөт. Биз жөн гана билим эмес, сын көз-карашта ойлонуу, анализ жасоо жана чечимдерди кабыл алуу жөндөмүн беребиз. Биз өзгөрүүлөрдөн корпостон, тескерисинче аларда мүмкүнчүлүктөрдү көрүүнү үйрөтөбүз.
БААУ – бул колдогон, шыктандырган жана багыт берген коомчулук. Бул студенттер өлкөнүн эгемендүүлүгүн кубаттаган жана VUCA ааламына жөн гана ыңгайлашпастан, а ошондой эле өлкөнүн келечегин калыптандырган улуттук лидердерге айланган жай.
Биз буга кантип жетишүүдөбүз?
Эң оболу күчтүү академиялык программа аркылуу. БААУда студенттер Эл аралык стандарттар боюнча жана окутуунун алдыңкы изилдөөлөрү жана жаңы ыкмаларынын негизинде билим алышат. Биздин окутуучулар – өз тармактарында адистер гана эмес, ошондой эле студенттерге өз потенциалын ишке ашырууга көмөктөшкөн насаатчылар. Адар өзүлөрү да ар дайым билим алып келишет: билимдердин актуалдуу базасына жетүү үчүн ар кандай тажрыйба арттыруу программаларынан өтүшөт.
Мындан тышкары биз сын көз-карашта ойлонуу жана чыгармачыл жол тутуу маанилүү болгон чөйрөнү түзүп келебиз. Заманбап жашоодо маалымат ар бир адамга жеткиликтүү, бирок чечүүчү жөндөм – бул аны анализдөө, түзүмдөө жана иш жүзүндө пайдалануу. БААУда студенттер өз алдынча ойлонуу, суроолорду узатуу, чечимдерди издөө жана жаңы идеяларды генерациялоону үйрөнүшөт.
Биздин окуу жайда студенттик демилгелер, долбоорлор жана лидерлик программаларга көп көңүл бурулат. Биз кесипкөйлөрдү гана эмес, ошондой эле өлкөнүн коомуна позитивдүү таасир эте ала турган жарандарды тарбиялайбыз. Ушуга байланыштуу университеттин кызматкерлери менен студенттери шаардын жашоосуна байланышкан демилгелерге катышып келишет. Мисал катары Чөнтөк сейил багынын ачылышын же Кара-Жыгай токойчосунун калыбына келтирилишин айтсак болот.
БААУнун маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп анын интернационалдык коомчулугу эсептелет. Ар кандай өлкөлөрдөн чогулган студенттер бирге окушат, идеялары, маданияттары жана каада-салттары менен алмашышат. Бул чынында студенттерибизди глобалдык ааламда иштөөнү, маданияттар аралык байланыштарды курууну жана көз-караштар менен жол тутуулардын ар тараптуулугун түшүнүүнү үйрөткөн маанилүү тажрыйба. Мисалы кечээ биздин маданий ар тараптуулук апталыгыбыз жыйынтыкталып, ал көптөгөн кызыктуу иш-чараларды кучагына алды.
Белгилеп кетчү маанилүү нерсе, БААУнун студентттери Эл аралык тажрыйба жана билимдерди алуу гана эмес, ошондой эле университетте билим алуу учурунда алмашуу программаларына катышуу менен горизонтторду кеңейтүү жана башка маданияттар жана окутуу системалары менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.
БААУ ошондой эле студенттерине алдыңкы технологиялар, заманбап лабораториялар жана окутуунун инновациялык ыкмаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. Биз тез өзгөрүп жаткан ааламда реалдуу жашоого, карьерага даярдайбыз. Каалаган иштөө чөйрөсүндө суроо-талапка ээ шаймандарды беребиз. Алсак, Makerspace Learning Center деп аталган биздин креативдүү мейкиндигибиз студенттерибизге өз күчүн инноватор жана ойлоп табуучу катары сынап көрүүгө жардам берет. Борбордун ишмердүүлүгү кенен: бул уникалдуу мейкиндик көптөгөн ыкмаларды өнүктүрүүгө көмөктөшөт: тилдик ыкмалардан тарта ишкерлик ыкмаларына чейин.
Урматтуу ата-энелер, сиздер үчүн балдарыңыздардын келечеги канчалык маанилүү экенин билебиз. Андыктан биз БААУ – бул келечек реалдуулукка айланган жай экенин ишенимдүү түрдө айта алабыз. Биз алдыңкы компанияларда эмгектенген, стартаптарды жараткан жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу менен биздин дүйнөнү жакшыртып жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз.
Бүгүн сиздин балаңыз маанилүү жолдун босогосунда турат. Ал жол ийгиликтүү, шыктандыруучу жана мүмкүнчүлүктөргө толо болуусу үчүн биз дем-күч беребиз.
Кымбаттуу болочок студенттер, эми сиздерге кайрылгыбыз келет. Мен учурда университетибизде кандай студенттер билим алып жатканын көрүп келем жана мындай жамааттын бир бөлүгү болуу укмуштуудай кызыктуу, шаңдуу жана жагымдуу экенин айта алам. Менин оюмча бизге мыкты студенттер окууга тапшырышат. Алардын катарында силерди да көрүүгө кубанычта болмокмун.
Борбордук Азиядагы Америка университетинин үй-бүлөсүнө кош келиңиздер!