БААУнун Мейкерспейсинде жаңы жылдын алдындагы Ачык эшиктер күнү

БААУнун Мейкерспейсинде жаңы жылдын алдындагы Ачык эшиктер күнү

23 декабря 2024

БААУнун Мейкерспейсинде Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Ал жаңы жылдык майрамдарга арналды.

Иш-чаранын башында конокторду БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жылуу тосуп алды. Ал университеттин салттары жана баалуулуктары, окутуу учурундагы студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр, өзгөчө университеттин духу тууралуу айтып берди. “Бүгүн мен силердин көңүлүңөрдү мына ошондой мейкиндиктердин бирине бургум келет. Мейкерспейс – бул жеке санариптик өндүрүү үчүн чыгармачыл лаборатория болуп, анда силер өзүңөрдү ойлоп табуучу катары сынап көрө аласыңар. Бир күндүн аралыгында бул жакта мастер-класстар өткөрүлүп, анда келечектин технологиялары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү жаралат: ”3D басып чыгаруудан тарта лазердик кесүүгө чейин. Бул ыкмалар илим жана техникада гана эмес, ошондой эле искусстводо, дизайнда жана ишкерликте чоң суроо-талапка ээ”,- деп белгиледи президент өз сөзүндө.

Жаңы жыл жана Рождество – бул ар бир адамдын өз жакындары үчүн чакан керемет жасоосу үчүн мезгил. Кереметтерди кантип жасоону коноктор Мейкерспейстеги мастер-класстар учурунда билип алышты. Мисалы жыгачтан балаты оюнчук жасоо мүмкүн эле – декордун уникалдуу жана стилдүү элементин. Же болбосо 3D-принтердин жардамы менен жеке дизайн боюнча билерик жаратуу. Аны жасоо менен бирге аталган түзүмдө иштөөнү да үйрөнүп алууга мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Дагы бир бүйүр кызыткан көрүнүш кагазды ширетүү жолу менен жаңы жылдык открытка жасоо болду.

Мындан тышкары Ачык эшиктер күнүнүн катышуучулары винилдик чаптамаларды, элдик стилде буюмдарды жана футболкада уникалдуу басмаларды чыгарууну ишке ашыра алышты. Ал эми чыгармачыл технологиялар менен таанышууну улантууну каалагандар үчүн Мейкерспейсте өтүүчү курстар (анын ичинде тилдик жана инженердик ) тууралуу маалымат берилди.

Катышуучулар үчүн күн кызыктуу жана жаратман болду десек аша чапкандык болбос. Анткени ар бир конок өз индивидуалдуулугун көрсөттү, жаңы ыкмаларды өздөштүрдү жана эстелик буюмдарын өз колу менен жасай алды. Ошол өз колу менен жасалган буюмдар бул күндү эсте калтырып, алдыдагы ачылыштарга шыктандырат десек жаңылышпайбыз.

 

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028