Математика жомоктун призмасы аркылуу: БААУда мектеп мугалимдери үчүн методикалык сабак

Математика жомоктун призмасы аркылуу: БААУда мектеп мугалимдери үчүн методикалык сабак

22 ноября 2024

БААУда мектептердин математика мугалимдери үчүн кезектеги методикалык сабак орун алды. Иш-чаранын уюштуруучулары БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана Колдонмо математика жана информатика департаменти болду. Саамалык Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин жана анын адиси Урумкан Тешебаеванын колдоосу астында ишке ашкан.

Сабакты БААУнун Колдонмо математика жана информатика департаментинин профессору Сыргак Кыдыралиев өтүп, аны арифметикалык жана геометриялык прогрессиялар темасына арнады. Өзүнүн “Нильс, каздар жана укмуштуудай прогрессиялар” бет ачарында ал балдар адабияты менен жомокторду математикалык түшүнүктөрдү түшүндүрүп берүү үчүн кантип пайдаланууну айтып берди. Мисал катары Сельма Лагерлёфтун “Нильс Хольгерссондун жапайы каздар менен Швециядагы укмуштуудай саякаты” чыгармасы тандалып алынган. Швециянын балдары үчүн бул эмгек георграфия жана тарых боюнча кызыктуу китеп болсо, ал эми дүйнөнүн окурмандары үчүн бала менен жапайы каздардын таң калыштуу окуялары тууралуу жомок болуп эсептелет.

Сабакта сызыктуу, даражалуу жана ар кандай теңдемелердин жеке учурлары катары берилген арифметикалык жана геометриялык прогрессияларды чечүүнүн ар кандай усулдары каралды. Ошондой эле мугалимдер сабактарда пайдалана ала турган маселелердин жогорудагыга окшош мисалдары сунушталды. Мугалимдерге өз алдынча талдоо үчүн маселелердин мисалдарды да таратылды.

Мындан тышкары катышуучуларга А. Б. Урдалетова, С. К. Кыдыралиев жана Б. А. Дулатовдордун калемине таандык “Укмуштуудай прогрессиялар” китебинин электрондук версиясы тартууланды.

Усулдук материалдарды даярдоого Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетова жана БААУнун улук окутуучусу Елена Буровалар көмөктөштү.

 

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028