Гуманитардык илимдердеги санариптик куралдар жана усулдар

Гуманитардык илимдердеги санариптик куралдар жана усулдар

21 ноября 2024

БААУда Президенттик Фонддун PREF колдоосу астында Кыргызстандын жергиликтүү ЖОЖдорунун окутуучулары, аспиранттары жана изилдөөчүлөрү үчүн семинарлардын сериясы өткөрүлөт. Семинарлардын темасы: “Гуманитардык илимдердеги санариптик куралдар жана усулдар”

Насаатчылар:
Данияр Карабаев - БААУнун гуманитардык жана табигый илимдер боюнча программасынын жетекчиси, доцент
Жылдыз Бекбалаева - БААУнун китепканасынын директору, доцент
Камиля Кадырова - БААУнун Жаңы муун академиясынын директору, улук окутуучу

Семинарга катышуу акысыз. Семинар офлайн-форматта өтөт.
Катышуучулардын максималдуу саны – 20.
Семинардын тилдери – орус жана кыргыз.

Билдирмелер 22-ноябрга чейин кабыл алынат: https://zoomto.me/IoXjw

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028